Кыргызстан менен Италия кылмыштуулукка каршы биргелешип иш алып барат

Коом Загрузка... 10 Июнь 2026 12:30
719874205_1321771446808571_3478244554556453279_n.jpg
copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 10.06.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Италия кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Башкы прокуратурандан билдиришти.

Тиешелүү документке Рим шаарында Кыргызстандын башкы прокурору Максат Асаналиев менен Италиянын юстиция министри Карло Нордио кол койду.

"Бул маанилүү документ эки өлкөнүн кылмыш-жаза чөйрөсүндөгү келишимдик-укуктук базасын калыптандырууну толук аяктады. Келишим кылмыш иштери боюнча далилдерди алууга, кылмыштуу активдерди аныктоого жана камакка алууга укуктук негиз түзөт. Бул кадам трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка, коррупцияга, киберкылмыштуулукка жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоого каршы биргелешип күрөшүүнү чыңдайт", - деп айтылат маалыматта.
721349262_1321771496808566_2435923405113706441_n

Эске салсак, 2024-жылдын октябрь айында президент Садыр Жапаровдун Италияга болгон расмий сапарынын алкагында эки өлкө ортосунда кылмышкерлерди жана соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимдерге кол коюлган болчу.