Кыргызстан дүйнөнү тоолуу аймактардын климаттык көйгөйлөрүнө көңүл бурууга чакырды

Министрлер кабинети Загрузка... 05 Февраль 2026 09:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 05.02.26. /Кабар/. Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча Глобалдык саммитте министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев эл аралык климаттык күн тартибинде тоолуу аймактарга көңүл бурууну күчөтүүнү сунуштады. 

Ал климаттын өзгөрүшү тоо экосистемаларына бир кыйла таасирин тийгизерин белгиледи. Мөңгүлөрдүн эриши, аба ырайынын күтүүсүз өзгөрүшү Борбор Азия аймагында жана анын чегинен тышкары аймактарда суу ресурстарына, айыл чарбага жана энергетикага узак мөөнөттүү маселелерин жаратарын кошумчалады. 

Ал ошондой эле тоолуу өлкөлөрдү жана аймактарды туруктуу өнүктүрүү үчүн өзгөчө аймактар катары кароону чакырды.

Бакыт Төрөбаевдин айтымында, тоолуу аймактардын туруктуулугу миллиондогон адамдардын суу жана азык-түлүк коопсуздугуна түздөн-түз таасирин тийгизип, системалуу жана координацияланган эл аралык чечимдерди талап кылат.