Кыргызстанда эң күчтүү саякатчылар үчүн жашыруун жерлер бар – тур-лидер менен маек

Маек Загрузка... 15 Сентябрь 2025 17:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бурулай Ташполотованын өздүк архивинен

21 жаштагы Бурулай Ташполотова бала кезинен бери түнт, адамдар менен аралашпаган кыз болсо, бүгүн ал Кыргызстандын туристтик жайларын көрсөтүү менен ондогон туристтерди шыктандырып келүүдө. Тур-лидер "Кабар" агенттигине берген маегинде өзүнүн сүйүктүү каттамдары, кооз жерлер жана ал жерлерге жетүү канчалык кыйын болсо да, жетсең эч качан унутпай турганың тууралуу айтып берди. Бул жерлер эң күчтүү саякатчылар үчүн сырын сактап турат!

– Бурулай, сиз тур-лидер адистигине кантип келип калдыңыз?

– Ачыгын айтканда, мурда жашоом туризм менен байланышып калары үч уктасам түшүмө кирчү эмес. Баары кокустан болуп кетти. Бир жолу Чоң-Кеминге эс алууга барып калдым. Ошол жерден менде бир нерсе ойгонгондой болду – саякаттоого, адамдар менен таанышууга, жаңы тажрыйбаларга болгон кызыгуу. Бул жаатта өзүмдү сынап көрүүнү чечип, туристтик компанияга келип, интервьюдан өтүп, иштей баштадым.

Билесизби, мен негизи интровертмин, мурун адамдар менен баарлашууну жактырчу эмесмин, бирок бара-бара ачылып, чыныгы экстраверт болуп калдым. Адамдарды өзүмө тартууну, аларды угууну, жылуулук жана билим менен бөлүшүүнү үйрөндүм. Көп өтпөй “Мыкты гид” наамын алдым. Мен үчүн бул менин туура жерде экенимди тастыктады. Дайыма чын жүрөктөн иштөөгө жана адамдарга Кыргызстан өзгөчө экенин сезүүүсүнө жардам берүүгө аракет кылып келем.

WhatsApp_Image_aoiRUH6.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

– Туризмден башка эмне менен алектенесиз? Хоббиңиз барбы?

– Мен ырдаганды жакшы көрчүмүн, атүгүл сынактарга катышып, байгелүү орундарды ээлегем. Андан кийин сүрөт тартууга болгон кызыгуум пайда болду – пейзаждарды жана ар кандай сюжеттерди тарттым. Искусство мен үчүн ар дайым өзүмдү көрсөтүүнүн жолу болгон. Мындан тышкары, мен спортту жакшы көрөм: волейбол, жеңил атлетика, стол тенниси, бильярд. Ошондой эле менин кыялым бар – бардык музыкалык аспаптарда ойногонду үйрөнүү. Учурда гитара жана укулеле чертем, бирок бул тизме ушуну менен эле бүтпөйт.

– Туристтер менен иштөөдө сизге жаккан нерсе эмне?

– Ар түрдүү өлкөнүн элдери жана ар түрдүү чөйрөдөгү адамдар менен таанышуу мага чоң кубаныч тартуулайт. Алардын ар бири менин жашоомо жаңы нерсе алып келет. Жакында эле бизде дизайнер турист кыз болгон, ал мага өзүнүн кесиптик сырларын айтып берди. Ошондо гиддин жумушу жаратылыш жана тарых жөнүндө айтып берүү эле эмес, маданият, билим жана жашоо тажрыйбасы менен да алмашуу экенин түшүндүм.

– Кыргызстанда кайсы жерлерди сөзсүз көрүш керек деп эсептейсиз?

– Албетте, бул Кел-Суу, Соң-Көл жана Алтын-Арашан. Бул жерлер Кыргызстандын сулуулугун жана жан дүйнөсүн өзүнө камтып тургандай. Ар кайсы өлкөдөн келген туристтер аларды өз көздөрү менен көрүүнү кыялданышат. Ысык-Көлдүн түштүк жээги, өзгөчө Кызыл-Жар аскалары жана кереметтүү жаратылышы менен Жети-Өгүз да абдан кызыктуу.

– Өлкөдө анча белгилүү эмес, бирок таасирдүү жерлерди атай аласызбы?

– Албетте! Мисалы, Чаткалдагы Эшенкул көлү – бул аймактын тоолорго катылган чыныгы бермети. Жолдору татаал болгондуктан, ал жерге туристтер сейрек барышат, бирок анын кооздугу таң калтырат. Же болбосо Нарын облусундагы Чатыр-Көл – 3500 метр бийиктикте жайгашкан Теңир-Тоонун эң бийик тоо көлү. Анын суусу асманды ушунчалык чагылдыргандыктан, дээрлик сыйкырдуу көрүнөт. Ошондой эле Чаткалда карагай токойлору жана тоолор менен курчалган кара-көк түстөгү Көк-Көл көлү да бар. Бул жерлер эң күчтүү саякатчыларга гана сырын ачууну сактап тургандай.

WhatsApp_Image_bSrnWUM.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

– Тур учурунда экстремалдуу жагдайлар болду беле?

– Ооба, андай учурлар болот. Мисалы, биздин унаабыз жолдо бузулуп калган. Бирок, эң башкысы сабырдуу болуш керек. Мен дароо башка унаа таап, натыйжада убакыт графигинен артта калган жокпуз. Туризм ар кандай кырдаалда туруктуу болууга жана чечим таба билүүгө үйрөтөт.

– Сиз үчүн эмне маанилүү - Кыргызстандын жаратылышынбы, же маданиятынбы?

– Мен үчүн маданият маанилүү. Ооба, биздин жаратылышыбыз укмуштуудай, бирок кооз тоолор жана көлдөр көптөгөн өлкөлөрдө бар. Ал эми келген конокторду көчмөндөрдүн жашоо образы, элибиздин каада-салттары жана тарыхы менен тааныштыруу — бул өзгөчө нерсе. Мен туристтерге улуттук оюндарды, музейлерди көрсөтүп, кыргыздардын жашоо-тиричилиги жана дүйнө таанымы жөнүндө айтып бергенди жакшы көрөм. Мына ушул нерсе саякатты өзгөчө кылат.

– Саякаттоо үчүн сиз сүйгөн мезгил?

– Албетте, жай. Июндун ортолорунан августтун аягына чейин Кыргызстандын жаратылышы жанданат. Бул учурда Сары-Челек, Көл-Суу, Соң-Көл өзгөчө кооз болот: айлана гүлдөп, тоолор жашылданып, көлдөр ажайып түстөргө бөлөнөт.

– Сиз эч качан унута албай турган туристтер менен болгон окуяңыз барбы?

– Ооба, мындай окуялар көп болот. Бир ирет адашып калган саякатчылардын тобун жолуктуруп калып, бир эле мезгилде өзүмдүкү менен кошо 50дөй адамга гиддик кылгам. Дагы бир жолу турист бутун сындырып алып, мен ага жардам берип, топтун аягында жүрүүмө туура келген. Көрсө ал Бишкектеги ресторандын кожоюну болчу экен, кийин мени өзүнүн мекемесине чакырган.

Бирок, мени эң көп толкунданткан нерсе – бул меймандостуктун жөнөкөй көрүнүштөрү. Жолдо баратып жергиликтүү тургундар бизди кымыз, курут же үй шартында жасалган таттуулар менен сыйлаганда, мен кыргыз элинин чыныгы жан дүйнөсүн көрөм. Бул жерде эч ким жолоочуну кыйынчылыкта таштап койбойт. Мен өз өлкөм, анын сулуулугу жана эң негизгиси, анын адамдары менен сыймыктанам.