Кыргызстанда психологиялык жардамдын жеткиликтүүлүгү артат

Ден соолук Загрузка... 22 Июнь 2026 17:59
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. Бишкекте "Психологиялык ишмердүүлүк жана психологиялык жардам жөнүндө" мыйзам долбоорун иштеп чыгууга арналган консультациялык жолугушуу өттү.

Иш-чара Жогорку Кеңештин депутаттарынын демилгеси менен жана Бириккен Улуттар Уюмунун Калк фондунун (ЮНФПА) колдоосунда уюштурулуп, ага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, илимий коомчулук, жогорку окуу жайлардын окутуучулары, психологдор жана психиатрлардын кесиптик бирикмелери, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуу психологиялык ишмердүүлүк жана психологиялык жардам көрсөтүү тармагында заманбап укуктук базаны түзүүнүн зарылдыгын талкуулоо, бул багыттагы эл аралык тажрыйба менен таанышуу жана мыйзам долбоорун даярдоо боюнча кийинки кадамдарды аныктоо максатын көздөдү.

Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева, саламаттык сактоо министринин орун басары Бакытбек Кадыралиев, Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаева, ошондой эле бир катар министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү катышты.

Катышуучулар бүгүнкү күндө психологиялык жардам саламаттык сактоо, билим берүү жана социалдык коргоо тармактарында, ошондой эле зомбулуктан жабыркаган балдар, кризистик кырдаалга туш болгон жарандар жана өзгөчө кырдаалдардан жабыркагандар менен иштөөдө көрсөтүлүп жатканын белгилешти. Ошол эле учурда бул тармак ар кандай ченемдик-укуктук актылар аркылуу үзүндү түрүндө жөнгө салынып келгендиктен, жардам алуучулардын укуктарын, купуялуулуктун кепилдиктерин, кызмат көрсөтүүнүн сапатына коюлган талаптарды жана мекемелер аралык өз ара аракеттенүүнү бирдиктүү негизде камсыз кылууга мүмкүнчүлүк бербей жатат.

Жолугушууда КМШ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы да каралып, айрым мамлекеттерде психологиялык жардам жөнүндө атайын мыйзамдар кабыл алынганы же иштелип жатканы белгиленди. Катышуучулар Кыргызстандын шарттарына ылайык келген, жарандардын укуктарын коргоого жана сапаттуу психологиялык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга багытталган жөнгө салуу механизмин түзүү маселесине өзгөчө көңүл бурушту.

Жыйынтыгында мамлекеттик органдардын, илимий чөйрөнүн, жогорку окуу жайлардын, психологдор жана психиатрлардын кесиптик коомчулугунун, жарандык коомдун жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрүн бириктирген демилгелүү жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды. Жумушчу топ мыйзам долбоорун андан ары иштеп чыгуу жана өркүндөтүү иштерин жүргүзөт.