Бишкек, 25.06.26 /Кабар/. Кыргызстанда зергерлер үчүн дүйнөдөгү эң ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Зергерлер ассоциациясынын башкы директору Азамат Макешов билдирди.
Анын айтымында, акыркы жылдары өлкөдө зергерчилик тармагын өнүктүрүүгө багытталган бир катар маанилүү чечимдер кабыл алынды. Алардын ичинен эң негизгиси — зергерлер үчүн салык чени 0,25 пайызга чейин төмөндөтүлдү. Ошондой эле зергерчиликке керектүү жабдууларды жана технологияларды импорттоо кошумча нарк салыгынан бошотулду.
Мындан тышкары, зер буюмдарын легалдаштыруу механизми ишке киргизилип, ата мекендик зергерлерге өлкөдө өндүрүлгөн алтынды сатып алууга жана иштетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Учурда алар алтынды дүйнөлүк рыноктук баадан 2% арзан сатып ала алышат.
Ошондой эле өндүрүштүк жабдууларды жаңылоого жана адистердин квалификациясын жогорулатууга жылдык 6% менен жеңилдетилген насыялар сунушталууда.
“Булардын бардыгы комплекстүү мамлекеттик колдоонун натыйжасы. Мурда көмүскөдө иштеп келген көптөгөн ишканалар мыйзамдуу жана ачык-айкын иштөөгө өтүштү. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда зергерчилик тармагын өнүктүрүү үчүн дүйнөдөгү эң ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө. Бул ички жана тышкы инвестицияларды тартууга да кенен мүмкүнчүлүк берет”, — деди Азамат Макешов.