Бишкек, 25.06.26. /Кабар/. Кыргызстандын банк тармагы туруктуу өсүш темпин көрсөтүүдө.
Улуттук банктан билдиришкендей, ушул жылдын 30-апрелине карата республиканын аймагында 24 коммерциялык банк жана алардын 306 филиалы ийгиликтүү иштеп жатат.
"Жыл башынан бери банк секторунун негизги көрсөткүчтөрүндө олуттуу жогорулоо байкалган. Алсак, банктардын суммардык активдери төрт айдын ичинде 28,6%га өсүп, 1 трлн 558 млрд сомду түздү. Бул көрсөткүч каржы институттарынын капиталынын жана ишенимдүүлүгүнүн артканынан кабар берет", - деп айтылат маалыматта.
Муну менен катар, экономиканы каржылоо көлөмү да жогорулаган. Кардарлардын кредит портфелинин көлөмү жыл башынан бери 12,4%га көбөйүп, 569,8 млрд сомго жетти. Ал эми жарандардын жана юридикалык жактардын банктарга болгон ишениминин далили катары депозиттик базаны айтсак болот – ал 6,7%га өсүү менен 924,1 млрд сомду түздү.