ШКУнун инвестициялык форуму ишкердик байланышка жаңы шарттарды түзөт

Экономика Загрузка... 24 Июнь 2026 14:40
WhatsApp Image 2026-06-24 at 14.25.59.jpeg
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Бишкекте инвестициялык бизнес-форумдун өткөрүлүшү ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы туруктуу инвестициялык жана ишкердик байланыштарды өнүктүрүүгө жаңы шарттарды түзөт. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров билдирди.

Анын айтымында, Улуу Жибек жолунун боюнда жайгашкан Кыргызстан өзүнүн бай тарыхый мурасын санариптик экономиканын өнүгүшү, заманбап транспорттук-логистикалык инфраструктура жана инновациялык технологиялар менен айкалыштырып, Евразиядагы өз ара байланышты чыңдоодо маанилүү орунду ээлейт.

ШКУнун 25 жылдыгы белгиленип жаткан жылы бул форум мамлекеттер ортосундагы өз ара ишенимди, коңшулук мамилелерди жана өнөктөштүктү арттырууга өбөлгө түзөт.

"Бүгүн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин алдында инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө. Биздин негизги милдет — мамлекет менен бизнестин ортосундагы түз диалог үчүн натыйжалуу аянтча түзүү, инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу жана аймактагы инвестициялык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү. Кыргызстан өнөктөштүккө ачык жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр", — деп белгиледи Равшанбек Сабиров.