Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Бишкекте ШКУнун инвестициялык бизнес форуму өтүүдө.
Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) Кыргызстандын төрагалыгы учурунда өткөрүлүп жаткан инвестициялык бизнес-форуму инвестициялык, соода-экономикалык жана технологиялык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн негизги эл аралык аянтча болуп саналат.
Форумду Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Соода-өнөр жай палатасы менен биргеликте уюштуруп жатат.
Ага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, бизнестин, инвестициялык фонддордун, финансылык институттардын, технологиялык компаниялардын жана эксперттик коомчулуктун 600дөн ашык өкүлдөрү катышууда.
Талкуунун негизги темалары саламаттык сактоо, фармацевтика өнөр жайы жана медициналык туризм, санариптик экономика, жасалма интеллект жана электрондук коммерция, жашыл трансформация жана ШКУ өлкөлөрүндөгү жаңы индустриялаштыруу, ошондой эле инвестициялык мүмкүнчүлүктөр кирет.
Иш-чаранын алкагында инвестициялык келишимдерге кол коюу, B2B жолугушуулар, инвестициялык долбоорлорду презентациялоо пландалган.