Кыргызстан менен Португалиянын ортосунда кош салык салуу жоюлушу мүмкүн

Экономика Загрузка... 24 Июнь 2026 13:30
images (1).jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Эл аралык экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында Кыргызстан менен Португалиянын расмий делегациялары ортосунда маанилүү сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, тараптар кирешелерге салынуучу салыктар боюнча кош салык салуудан качуу жана салык төлөөдөн баш тартуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуунун долбоорун талкуулап жатышат.

Кыргызстан менен Португалиянын ортосунда мындай макулдашуунун түзүлүшү бир катар экономикалык артыкчылыктарды берет. Алсак, Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатып, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт. Эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары чыңдоого өбөлгө болот.

Экономика министрлиги жакынкы жана алыскы чет мамлекеттер менен ушундай эки тараптуу макулдашууларды түзүү аркылуу салык чөйрөсүндөгү эл аралык-укуктук базаны өркүндөтүү боюнча иштерди туруктуу негизде жүргүзүп келе жатканын кошумчалады.