Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын апрель айында чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга дээрлик 260 млн доллар акча которулган.
Улуттук банктан билдиришкендей, өлкөгө келген каржы агымынын басымдуу бөлүгү КМШ мамлекеттерине туура келет.
"Шериктештик өлкөлөрүнөн которулган каражат 239,8 млн долларды түздү. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн 20 млн доллар өлчөмүндө каражат которулган", - деп айтылат маалыматта.
Ошол эле учурда апрель айынын аягына карата Кыргызстандан башка өлкөлөргө багытталган акча которуулардын көлөмү бир топ аз болуп, 19,8 млн долларды түздү.
Бул каражаттар төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:
- КМШ өлкөлөрүнө 17,7 млн доллар жөнөтүлгөн;
- алыскы чет өлкөлөргө 2,1 млн доллар которулган.