Кыргызстандын 7 облусунда жүрөккө акысыз операциялар жасалат – министр

Ден соолук Загрузка... 06 Июль 2026 18:18
WhatsApp Image 2026-07-06 at 18.15.01.jpeg
copyright icon Кабар Кабар

Бишкек, 06.07.26 /Кабар/. Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр оорулары боюнча экстрендик жардамды кеңейтүү максатында “Саламат жүрөк” улуттук программасы ишке ашырылууда. Бул тууралуу “Кабар подкаст” берүүсүндө саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө инфаркт оорусу кармаган учурда жогорку технологиялуу жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн катетеризациялык лабораториялар ачылып жатат.

Программанын алгачкы жыйынтыктары Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында байкала баштады. Ал жерде жергиликтүү оорукананын базасында аталган лабораториялар ишке кирип, бүгүнкү күнгө чейин 80ден ашуун татаал операциялар ийгиликтүү жасалды.

“Критикалык абалда, курч инфаркт миокард менен түшкөн бейтаптарга стент коюу операциялары шашылыш жана акысыз жүргүзүлүп, алардын өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Биз муну менен чектелип калбастан, өлкөнүн башка аймактарында да кардио борборлорду ишке киргизип жатабыз. Учурда Нарын жана Талас облустарында оңдоп-түзөө иштери аяктоо алдында турат, керектүү жабдуулар толугу менен сатылып алынды. Ошондой эле Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы катетеризациялык лаборатория да толугу менен даяр”, – деди Осмонов.

Министрдин айтымында, бул объекттер ишке кирген соң “Саламат жүрөк” программасы Кыргызстандын бардык жети облусун камтып, жарандарга инфаркт учурунда акысыз жана ыкчам жогорку технологиялуу медициналык жардамга бирдей жеткиликтүүлүк түзүлөт.