Саламаттык сактоо тармагында лицензия алуу толук санариптештирилет

Ден соолук Загрузка... 06 Июль 2026 16:05
WhatsApp_Image_2026_HVFTSEc.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 6.07.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги өлкөнүн медициналык тармагын жигердүү санариптештирип, жарандар үчүн да, бизнес үчүн да кагазсыз технологияларды киргизүүдө. Бул тууралуу "Кабар подкастта" ведомство башчысы Дамирбек Осмонов билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө кыргызстандыктар негизги медициналык маалымкаттарды түз эле "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу электрондук форматта алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Муну менен катар, министрлик лицензияларды берүүнү автоматташтыруу боюнча ири долбоорду ишке ашырууда, ал кагаз убаракерчилигин толугу менен жоюуга жана ишкерлерди ведомствого баруу зарылчылыгынан арылтууга багытталган.

"Эгерде мурда бир лицензияны тариздөөгө орто эсеп менен жүз күнгө жакын убакыт кетсе, эми арыз ээлеринин Саламаттык сактоо министрлигине келүүсүнүн такыр кереги жок. Клиника же дарыкана ачуу үчүн бардык документтер электрондук форматта тиркелет, бул процедураны кыйла жеңилдетет. Биз бул долбоорду август айынын аягына чейин толугу менен ишке киргизүүнү пландап жатабыз", - деп белгиледи министр.