Бишкек, 06.07.26 /Кабар/. Кыргызстанда аймактарга дары-дармектерди коопсуз жеткирүү маселеси чечилүүдө. 15-июлга чейин өлкөгө термосезимтал препараттарды ташууга ылайыкташтырылган муздаткыч жабдуулары бар 12 атайын унаа келет. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов "Кабар подкастта" билдирди.
Анын айтымында, буга чейин өлкөнүн фармацевтикалык тармагында дары-дармектерди талап кылынган температуралык режимде ташый турган атайын транспорт болгон эмес. Мындан улам айрым маанилүү дары-дармектерди аймактарга жеткирүүдө кыйынчылыктар жаралып келген.
Министр белгилегендей, айрым препараттарды сактоодо жана ташууда белгиленген температуралык режимди так сактоо зарыл.
"Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун колдоосу менен 12 атайын унаа сатылып алынды. Алар дары-дармектерди өлкөнүн бардык аймактарына үзгүлтүксүз жеткирүүгө мүмкүндүк берет. Анын алтоо түштүк аймактарына, дагы алтоо түндүк аймактарына бөлүштүрүлөт. Бул дары-дармектердин сапатын жана натыйжалуулугун сактоо менен өз убагында жеткирилишин камсыздайт", — деди Осмонов.