“Кыргызтесттеги” узун кезек: Директор түшүндүрмө берди

Коом Загрузка... 26 Февраль 2026 17:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Соцтармактарда акыркы күндөрү “Кыргызтест” мекемесинде жарандар узун кезектен улам тестке өз убагында кире албай жатканы тууралуу видеолор жана билдирүүлөр тарады. Мекеменин директору Батма Топоева-Ставинская бул көйгөйдүн себептерин түшүндүрүп, учурдагы иш тартиби жана жарандардын агымы тууралуу айтып берди.

Эмне себептен кезек күтүү көп болууда?

Батма Топоева-Ставинскаянын айтымында, акыркы жылдары мамлекеттик тилди билүү тести мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, ошондой эле мамлекеттик ишке кирип жаткан жарандарга милдеттүү болуп, “Кыргызтестке” келген жарандардын саны көбөйдү.

“Акыркы үч күн ичинде социалдык тармактарда биз жөнүндө сөз болуп жатат. Мунун дагы өзүнүн жөнү бар деп эсептейм. Биздин мекемеде 50 гана орундук бар. Тест эки нөөмөт менен алынат. Биринчиси саат 9:00дө башталып, 11:40–12:00дө бүтөт. Атап айтканда, жарандарга 2 саат 40 мүнөттүк убакыт берилет. Ортодо тыныгуу болуп, анан экинчи нөөмөт башталат. Социалдык тармактардагы “Эшигин жаап коюп кетип калышты” деген сөздөр ошондон улам айтылса керек. Бирок биздин кызматкерлер акыркы убактарда тыныгууга дагы чыкпай калышты. Мындан улам, орундар ченелүү болсо дагы, бир күндүн ичинде 140ка жакын жаранды кабыл алып жатабыз. Кошумча орундуктарды түзөлү десек, имараттын өзү тардык кылууда. Күнүнө 300гө жакын адам келип, кезеги жетпей кайра кеткени да ошол”, — деди ал.

Мекеменин шарттары жакшыртылат

Директордун айтымында, мекеме шарттары жакшы түзүлгөн жайга көчүрүлөт. Ошондой эле облустарда тест борборлору ачылат.

"Биздин бул абалыбыз өлкө жетекчилигине да маалым. Ал тургай бизге шарттары менен, кенен орун жай даярдалып, материалдык-техникалык базаны чыңдоого аракеттер жасалып жатат. Бирок баары эле бир заматта боло калбайт экен. Сабырдуулук менен күтүүгө туура келүүдө.

Министрлер Кабинетинин төрагасы тарабынан аймактарда да бирден тест алуу борборлорун ачуу тапшырмасы коюлган. Быйыл бизде ушундай жакшы өзгөрүүлөр болот деп күтүп жатабыз", — деп билдирди ал.

“Кыргызтестке” көмөкчү кызматтар

Ошондой эле директор белгилегендей, аймактарда көчмө топ иштейт. Ал жыл бою өлкөнү кыдырып, облус борборлорунда тесттерди уюштуруп келет.

"Учурда көчмө тобубуз Жалал-Абад облусунун Манас шаарында жүрөт. Андан кийин кайсы жерден көбүрөөк буйрутма келсе, ошол аймакка барышат. Азырынча бир гана көчмө топ иштеп жатат. Экинчисин ачып жиберели десек, техникалык каражаттарыбыз жетишсиз болуп турат.

Былтыр декабрь айында Телеграм чат-ботту иштеп чыкканбыз. Жарандар ал аркылуу да катталып келишүүдө. Биз кезекке алгач расмий буйрутма берген 30 мамлекеттик кызматкерди, андан кийин чат-боттон жазылып келген 20 жаранды коёбуз", — деп кошумчалады ал.

Документтин түп нускасын талап кылуунун себеби

Мекеме башчысы эмне себептен жарандын өздүгүн тастыктаган документтердин түп нускасы талап кылынарын түшүндүрдү. Анын айтымында, тестке өзү кирбей, жакынын же таанышын киргизип жибергендер бар.

"Биз жарандардан сүрөтү бар документ талап кылабыз. Кызматкерлерге тест тапшыруучуну документтеги сүрөт менен салыштыруу тапшырмасы коюлган. Бул учурда жарандар “Бардык жерде «Түндүк» тиркемесиндеги документтер колдонулуп жатса, силер түп нускасын сурайсыңар”, — деп нааразы болушууда. Мунун дагы өзүнүн себеби бар. Анткени жарандардын бири-биринин ордуна кирген учурлары катталып жатат. 10 күндүн ичинде эле алдамчылык жолу менен кирип чыккан 8 адам кармалды. Аларга актылар түзүлүп, эрежелерди өтө одоно бузгандар бир жылга тест тапшыруудан четтетилишти. Жашырып акылдуу саат, кулакчын, телефон ала кирип, интернетти пайдаланган жарандар бар. Эгер тилди билүү деңгээли А1 болгон адам С1 деңгээли менен өтүп кетсе, тест тапшырууда коррупция бар экен, сатылып жатыптыр деген кептер айтылары шексиз. Биз мындай мүчүлүштүктөрдүн алдын алышыбыз керек", — деди ал.

Тестти аралыктан тапшырса болобу?

"Онлайн тапшыруу кызматы бизге 2019-жылы киргизилип, алгач Кыргызстандын башка өлкөлөрдөгү элчилик, өкүлчүлүктөрү тестти аралыктан тапшыра башташкан. Ошол мезгилдерде жарандардын тестке кирип, суроолорду таркатуу сыяктуу туура эмес аракеттеринен улам аны жабууга туура келген. Тесттин жүрүшүн көзөмөлгө алган “прокторинг” (proctoring) деген программа бар. Ал абдан кымбат турат. Алдыда аны дагы алууга белсенип жатабыз. Ошондой эле тесттин натыйжалуулугу үчүн бармак басуу, фейс айди деген системаларды киргизүүгө аракет жасайбыз", — деди ал.

Белгилей кетсек, "Кыргызтест" мамлекеттик мекемеси 2018-жылы түзүлгөн. Бул жылдар арасында ал 20 миңден ашуун адамды тесттен өткөргөн. Тапшыруу эрежелери kyrgyztest.gov.kg сайтына жайгаштырылган. Жарандардын тил билүүсү 5 деңгээл боюнча аныкталат. Жыйынтыгына жараша кайра тапшыруу мүмкүнчүлүгү каралган.

Алдын ала бекитилген график боюнча эки нөөмөттө жүргүзүлөт (9:00 жана 13:00). Акысы — 450 сом. Бир субтестти кайра тапшыруу баасы — 90 сом.

Төлөмдү төлөө жолдору:

  • Каалаган банктын бөлүмүндө;
  • "Кыргызтест" мекемесинин кеңсесинде QR-код боюнча.