Бишкек, 09.06.26. /Кабар/. Күн мурун министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Саидикрам Ниязходжаев менен жолукту.
Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, агроөнөр жай тармагындагы өз ара аракеттенүүнү чыңдоо, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана аймактар аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Мындан тышкары, кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиясынын 12-жыйынына даярдык көрүү, Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгү, соода инфраструктурасын өркүндөтүү жана Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун, ошондой эле "Камбар-Ата-1" ГЭС долбоорун ишке ашыруу маселелери каралды.
Жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө кызыкдар экендиктерин ырасташты.