Бишкек, 18.02.26 /Кабар/. Кытайда ар жылы Жаңы жыл майрамына карата массалык миграция, жүргүнчүлөрдүн агымы кескин күчөйт. “Чуньюнь” деп аталган бул мезгилде вокзалдарда, аэропорттордо жана поезддерде гуманоид роботтор ишке кирди. Бул тууралуу Синхуа агенттигине таянып, Kazinform кабарлады.
Маалыматка ылайык, айрым темир жол бекеттеринде роботтор жүргүнчүлөрдү тосуп алып каттамдар, транспорт которуулар жана аба ырайы тууралуу маалымат беришүүдө. Кээ бир поезддерде майрамдык маанайды арттыруу үчүн роботтор балдар менен баарлашып, чакан концерттик номерлерди да көрсөттү.
Нинбо аэропортунда робот шоулар уюштурулса, Шанхайдын ири аэропортторунда роботтор каттоого жардам берүү, багыт көрсөтүү жана кеңеш берүү үчүн колдонууда.
Адистер белгилегендей, бул технологиялар адамдарды алмаштыруу үчүн эмес, тейлөөнүн сапатын жакшыртуу максатын көздөйт. Роботтор негизги иштерди аткарып, кызматкерлерди өзгөчө жардамга муктаж жүргүнчүлөргө көбүрөөк көңүл бурууга шарт түзөт.
Изилдөөлөргө ылайык, 2025-жылы дүйнөдө болжол менен 15 миң гуманоид-робот чыгарылган. Анын дээрлик 90% Кытай компанияларына таандык. Өлкөдө мындай роботторду иштеп чыккан жана өндүргөн 140тан ашык ишкана бар.