Бишкек, 09.06.26. /Кабар/. Лебединовка – ГЭС-5 унаа жолун реконструкциялоо иштерин август айынын ичинде бүткөрүү пландалууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда жол куруу иштери бекитилген графикке ылайык кызуу жүрүп жатат.
Бишкек шаарынан Түндүк айланма жолуна алып чыгуучу бул маанилүү жолдун узундугу 5,1 чакырымды түзөт. Учурда жолдун бурулуштарындагы суу өткөрүүчү түтүктөр орнотулуп, калыңдыгы 9 см болгон асфальт-бетондун биринчи катмары төшөлдү.
"Бул жол толук пайдаланууга берилгенден кийин борбор калаадан чыккан жана кирген унаалардын кыймылын жеңилдетип, тыгындарды азайтууга чоң өбөлгө түзөт", - деп айтылат маалыматта.