Бишкек, 23.09.25. /Кабар/. Жыл башынан берки статистикалык маалыматтарга токтолсок, өлкө аймагында акыркы 8 айдын ичинде 2 миң 413 өрт кырсыгы катталган. Бул тууралуу ӨКМдин Өрттү өчүрүү жана өрттүн алдын алуу башкармалыгынын улук офицери, капитан Эркин Төлөгөнов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, бул өрттүн кесепети 1 млрд 430 млн сомдон ашык чыгым алып келген жана 26 адам жабыркап, 33 адам каза тапкан.
“Статистикага таянсак, эң көп жеке турак жайларда өрт кырсыгы катталат. Негизи күз мезгили өрт кооптуулугу жогору мезгил болуп саналат. Ачык аянттардагы жана тоодогу куураган чөптөрдөн өрт кырсыктары катталууда. Турак жайларда катталган өрт кырсыктарынын негизги себептери болуп, электр жабдууларын колдонуудагы, чылым чегүүдөгү этиятсыздык жана балдардын шоктугунан келип чыккан өрт кырсыктары көп болот”,- деди Төлөгөнов.
Белгилей кетсек, өрт кырсыгы адамдык факторлор тарабынан орун алып, дээрлик кырсыктын келип чыгышына адамдар себепкер болушат.
“Өрткө каршы көзөмөл кызматынын кызматкерлери бала бакчалардан тартып, окуу жайларга чейин өрт коопсуздугун сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин, ар кандай сынактарды уюштурууда. Кандай эрежелерди сакташ керек, кооптуу учурларда кандай иш-аракеттерди аткарыш керектигин түшүндүрүү багытында көп иштер аткарылат”,- деди ал.
Эскерте кетсек, бүгүнкү күнгө карата акыркы сутка ичинде эле республиканын аймагында 21 өрт кырсыгы катталган. Мында эң көп чалуулар Чүй облусунда, Бишкек шаарында жана Жалал-Абад облусунда болгон.