Өлкө аймагында жолдорду кардан тазалоо иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө

Коом Загрузка... 17 Январь 2026 23:32
myjzamsyz-kurulush-1200x630-1.jpg
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 17.01.26. /Кабар/. Өлкө аймагында жол тазалоо жана кум-туз аралашмасын себүү иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлгө алып, жолдорду кардан тазалоодо. Алсак:

№957 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Бишкек - Нарын - Торугарт жолунда тайгакка каршы интернеттик материалдарды чачуу жана жол жээктерин автогрейдердин жардамы менен кар күрткүдөн тазалоо иштери аткарылды.

№36 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Суусамыр - Талас - Тараз жолун кардан тазалоо, кум-туз аралашмасын чачуу иштери жүрүп жатат.

№24 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолунун 160-243-чакырым аралыганда кар тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери жүрүп жатат. Каттам бар.

№ 47 Жол тейлөө ишканасы тейлеген унаа жолдордо кум-туз аралашмасын чачуу иштери уланууда.

№27 Жол тейлөө ишканасы Ала-Бука - Жаңы-Базар - Кировка жолунун 100-180-чакырым, Красная-Горка - Ак-Таш жолунун 0-12-чакырымдарын кардан тазалап, кооптуу тилкелерге инерттик материалдарды чачуу жумуштарын жүргүзүүдө. Аталган унаа жолдогу кар көчкү толугу менен тазаланып, эки тараптуу каттам берилди.

Транспорт министрлиги кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.