Өлкөдө балдардын 95 пайызы кариес менен жабыркайт – депутат

Ден соолук Загрузка... 03 Июнь 2026 13:30
2025-05-31-10.17.23.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 03.06.26. /Кабар/. Кыргызстанда балдардын 95 пайызы кариес (курт тиш) менен жабыркайт. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.

Парламентарий бул статистиканы кооптуу деп атап, билим берүү мекемелериндеги балдардын тамак-ашын түзүү ыкмаларын кайра карап чыгууга чакырды.

"Бул абдан чоң жана өкүнүчтүү көрсөткүч. Бул маалыматтарды бизге Саламаттык сактоо министрлиги берип жатат. Эгер тереңирек карасак, мунун башкы себептеринин бири туура эмес тамактануу. Ал эми тамактануу адаттары кайда калыптанат? Негизинен бала бакчаларда жана мектептерде. Балдарыбыз эмне жеп жатканына көңүл бургулачы. Дагы бир жолу ойлонуп көрсөңүздөр, 95 пайыз. Бала бакчалардагы наристелерибиз кадам сайын шекер жеп жатышат. Шекерди бардык нерсеге, компотко, кефирге, боткого (кашага), булочкага кошушат, ал тургай кээде шорпого да шекер салышат. Бардык жерде шекер", - деп нааразы болду депутат.