Ракка чалдыккан балдардын айыгып кетүү көрсөткүчүн 80%га жеткирүү пландалууда

Ден соолук Загрузка... 02 Июнь 2026 18:20
rebenok.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 02.06.26. /Кабар/. Кыргызстанда онкологиялык (рак) ооруларына чалдыккан балдардын айыгып кетүү көрсөткүчүн 80 пайызга чейин жогорулатуу пландалууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине саламаттык сактоо министринин орун басары Бакыт Кадыралиев билдирди.

Анын айтымында, мамлекет балдар онкологиясын дарылоону өнүктүрүүгө чоң көңүл буруп жатат. Алсак, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда балдар арасында алгачкы жолу жилик чучугун аутологиялык трансплантациялоо ийгиликтүү жасалды. Ошондой эле атайын операциялык бөлмөлөрдү жабдуу иштери аяктап жатат жана онкологиялык оорусу бар балдарды дарылоо үчүн жогорку технологиялык жабдуулар дээрлик толугу менен сатып алынды.

"Бирок биз муну менен эле токтоп калбайбыз, бул багытта дагы көбүрөк иш алып барабыз. Чет өлкөлөрдө колдонулуп жаткан бардык заманбап технологияларды өлкөбүзгө киргизүүнү каалайбыз. Учурда Кыргызстанда онкологиялык оорусу бар балдардын айыгып кетүү көрсөткүчү болжол менен 60-65 пайызды түзөт, ал эми дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө бул көрсөткүч 90 пайызга жетти. Андыктан биздин максат - ушундай эле деңгээлге чыгуу", - деди Кадыралиев.