Өлкөнү ким башкарарын бир ууч адам эмес, эл чечет – президент

Президент Загрузка... 13 Февраль 2026 11:45
617219233_1454218376712792_7685752144704482462_n.jpg

Бишкек, 13.02.26. /Кабар/. Кыргызстан – демократиялык өлкө. Өлкөнү ким башкарарын бир ууч адам эмес, Кыргызстандын эли чечет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.

Өлкө башчысы белгилегендей, Конституцияга ылайык, ар бир жаран шайлоого катышууга укуктуу, ал эми кимге эл ишеним артса, эл арасында кимдин рейтинги жогору болсо, ошол президент болуп шайланат.

“Бир мөөнөт тигил, бир мөөнөт бул” деген сыяктуу сөздөр демократиялык принциптерге туура келбейт жана саясий маданиятка да жатпайт. Мындай пикирлер элдин тандоо укугун жокко чыгарууга аракет катары кабыл алынат”, - деди президент.