Маматалиев Ирандын мурдагы жогорку лидерин акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышат

Жогорку Кеңеш Загрузка... 03 Июль 2026 17:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 03.07.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Тегеран шаарында Ирандын Ислам Кеңешинин Мажлисинин төрагасы Мохаммад-Багер Галибаф менен жолукту.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушуу Ирандын мурдагы жогорку лидери Аятолла Сейед Али Хаменеини акыркы сапарга узатуу зыйнатынын алкагында уюштурулган.

Алгач төрага Марлен Маматалиев Мохаммад-Багер Галибафка Ирандын жогорку лидери Аятолла Сейед Али Хаменеи жана Жогорку Улуттук Коопсуздук кеңешинин катчысы Али Лариджани баштаган саясий ишмерлердин каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтып, аскердик аракеттерден улам мерт кеткен ирандыктардын да жалпы жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшөрүн билдирди.

"Биз Жакынкы Чыгыштагы чыңалууга жана Иранда жаралган кырдаалга олуттуу тынчсыздануубузду билдирип келебиз. Андыктан жаңжалга катышкан бардык тараптарды эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин сактоого, сабырдуулукту көрсөтүүгө, кырдаалды мындан ары курчутуучу аракеттерден карманууга жана бардык талаш маселелерди саясий-дипломатиялык жол менен жөнгө салууга чакырабыз", – деди төрага.

Айрыкча кыргыз тарап Иран менен АКШнын ортосундагы меморандумга кол коюлушун чыңалууну басаңдатууга жана саясий-дипломатиялык жөнгө салуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган маанилүү кадам катары баалай тургандыгын белгилеген Марлен Маматалиев: "Жетишилген макулдашуулар өз ара ишенимди чыңдоого, узак мөөнөттүү жана алгылыктуу чечимдерди иштеп чыгууга өбөлгө түзөт деген ишеничтебиз" – деди.

Ошону менен катар Иран жарандарынын арасында адам курмандыктарынын көп болушун жана жарандык инфраструктурага келтирилген зыянды эске алуу менен, Кыргызстан Иран элине гуманитардык жардам көрсөткөнүн белгиледи.

Өз кезегинде Мохаммад-Багер Галибаф кыргыз элинин атынан аза кайгыларын тең бөлүшүп, жогорку лидерди узатууга барган төрага Марлен Маматалиевге ыраазычылыгын билдирди.

Муну менен бирге өлкөсүндөгү соңку кырдаал жана жетишилген макулдашуулар тууралуу да учкай кеп кылды.

Андан тышкары жолугушууда тараптар кыргыз-иран кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча да ой бөлүшүп, быйыл Бишкек шаарында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун жыйындары тууралуу да пикир алмашты.