Бишкек, 21.05.26. /Кабар/. Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин жана Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери үчүн коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
ИИМден билдиришкендей, анда катышуучуларга коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча чаралар, пара алуунун кесепеттери жана коррупциялык кылмыштар үчүн мыйзамда каралган жоопкерчилик жөнүндө маалымат жеткирилди.
Ошондой эле өлкөдө аныкталган коррупциялык фактылар, кылмыш жоопкерчилигине тартылган жана соттолгон адамдардын саны боюнча статистикалык маалыматтар айтылды.
"Мамлекеттик кызматкерлер арасында коррупцияга каршы мыйзамдарды сактоо, кызматтык тартип жана укуктук маданиятты жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, катышуучуларга укук бузуулар, коррупциялык көрүнүштөр же башка шектүү жагдайлар аныкталган учурда кайрылуу үчүн байланыш номерлери берилди.