Кыргызстанда жакырчылык менен күрөшүү жана жумушсуздуктун деңгээлин төмөндөтүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири бойдон калууда. Өкмөт социалдык төлөмдөргө гана көңүл бурбастан, жарандардын туруктуу киреше табуусуна, чакан бизнести өнүктүрүүгө, кесиптик билим берүүгө жана калктын каржылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган шарттарды түзүүгө өзгөчө маани берүүдө.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев "Кабар подкаст" берүүсүндө билдиргендей, өкмөт агрардык тармакты, чакан жана орто бизнести колдоону, ошондой эле жеңилдетилген насыя берүү программаларын кеңейтүүнү улантууда.
Анын айтымында, жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү мамлекеттин башкы милдеттеринин бири бойдон калууда.

"Социалдык контракт" долбоорунун алкагында президентибиз белгилегендей, биз адамдарга балык эмес, кайырмак беребиз жана аларды өз алдынча акча табууга үйрөтөбүз. Алгачкы этапта кайтарымсыз жардам көрсөтүлөт – жарандар тигүү машиналарын, керектүү жабдууларды сатып алышса же чакан цех ачышса болот. Андан кийин иши жакшы жүрүшсө, кошумча каржылоо алууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, төмөнкү пайызда жеңилдетилген насыялар берилет. Биз бардык моделдерди эсептеп чыгып, 280 кичи-долбоор даярдадык, алар Экономика жана коммерция министрлигинин сайтында жайгаштырылган", - деп белгиледи Амангелдиев.
Ал программанын маанилүү бөлүгү катары каржылык сабаттуулукту окутуу экенин баса белгиледи. Анткени, буга чейин көптөгөн жарандар өз мүмкүнчүлүктөрүн эсептебестен насыя алып, карыз болуп калуу көйгөйлөрүнө туш болушкан.
Социалдык контракт – жакырчылыктан чыгуунун куралы
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоонун негизги механизмдеринин бири — Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан "Социалдык контракт" программасы.
Бул программа аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө өз ишин баштоо үчүн кайтарымсыз акча каражаттарын берүүнү карайт. Инструменттин негизги шарттары төмөнкүлөр:
- Социалдык контракт 3 жылдык мөөнөткө түзүлөт;
- Мамлекет менен үй-бүлөнүн ортосундагы өз ара милдеттенмелерди камтыйт;
- Башында берилүүчү жардамдын көлөмү 100 миң сомду түзгөн, бирок 2025-жылы өлкө жетекчилигинин чечими менен баалардын өсүшүн жана бизнес-долбоорлордун натыйжалуулугун жогорулатуу зарылдыгын эске алуу менен 150 миң сомго чейин көбөйтүлгөн.

Программаны ишке ашыруунун төрт жылында республика боюнча жалпы 48 миң 557 үй-бүлө менен социалдык келишим түзүлгөн:
- 2022-жылы — 2 миң 800 үй-бүлө жардам алган;
- 2023-жылы — 10 миң үй-бүлө;
- 2024-жылы — 19 миң 426 үй-бүлө;
- 2025-жылы — 13 миң 331 үй-бүлө.
Долбоорлордун басымдуу бөлүгү айыл жергесинде ишке ашырылууда. Эмгек министрлигинин маалыматына ылайык:
- катышуучулардын 73,3%ы айыл чарбасында иштейт;
- 13,8%ы — өндүрүш тармагында;
- 6,7%ы — соода тармагында;
- 6,2%ы — кызмат көрсөтүү тармагында.
Мындан тышкары, программанын катышуучуларынын 94,2%ын аймактарда жашаган айымдар түзөт.
Программаны ишке ашыруунун алкагында өлкө боюнча кошумча 57 миңден ашык жумуш орундары түзүлгөн. Мониторингдин жыйынтыгында жылдык кирешеси 1 млн сомдон ашкан 14 үй-бүлө аныкталган.
Ошол эле учурда бийлик бул программа белгилүү бир тобокелдиктер менен байланыштуу экенин моюнга алат. Дээрлик 49 миң катышуучунун ичинен 231 үй-бүлө форс-мажор жагдайларынан, мүлкүн жоготуудан же ден соолугуна байланыштуу долбоорлорун ишке ашыра алган эмес.
Эксперт: программа жакырчылык менен күрөшүү ыкмасын өзгөртөт
Өз кезегинде “Ордо Аналитикс” изилдөө жана өнүктүрүү борборунун директору Жаныбек Урманбетов “Социалдык контракт” программасынын негизги өзгөчөлүгү – калкты социалдык жактан колдоо ыкмасын өзгөртүп жаткандыгында деп эсептейт. Башкача айтканда, мамлекет туруктуу жөлөк пул берүү системасынан үй-бүлөлөр үчүн туруктуу киреше булактарын түзүүгө өтүүдө.
Эксперт белгилегендей, программанын натыйжалуулугу жарандарды жөлөк пул алуучулар катмарынан, киреше алып келүүчү ишмердүүлүк менен алектенген адамдардын катарына өткөргөндүгүндө.
“Социалдык контракт тууралуу сөз болгондо, классикалык түшүнүктөгү ишкердик жөнүндө эмес, бул туруктуу киреше алып келүүчү ишмердүүлүк тууралуу сөз болуп жатат. Бул чарбаны өнүктүрүү, чакан өндүрүш, кызмат көрсөтүү же өз алдынча иш менен камсыз болуунун башка формалары болушу мүмкүн”, — деп түшүндүрдү эксперт.

Анын айтымында, социалдык контракт бир эле учурда эки функцияны аткарат: үй-бүлөлөргө жакырчылыктан чыгууга жардам берет жана ошол эле учурда алардын жашоо шартынын мындан ары начарлашына жол бербейт.
“Программа үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруунун куралы гана болбостон, жарандардын жакыр жашоо деңгээлинен дагы төмөндөп кетпөөсүнүн алдын алуучу механизми катары да кызмат кылат”, — деп белгиледи Урманбетов.
Ал буга чейин өлкөдө жакырчылыктын чеги бир адамга айына 5 миң 451 сомду, ал эми өтө жакырчылыктын чеги 3 миң 455 сомду түзгөнүн эске салды
Эксперттин пикиринде, программага катышуучуларга берилген 150 миң сомду жакырчылык маселесин толук чечкен акыркы чечим катары кароого болбойт.

“150 миң сом — бул баштапкы капитал. Бардык бенефициарлардын мүмкүнчүлүктөрү, көндүмдөрү жана даярдык деңгээли ар башка. Ар бир эле адам дароо туруктуу, киреше алып келе турган ишмердүүлүктү түзө албайт”, - деп баса белгиледи ал.
Анын айтымында, дал ушул себептен мамлекет программага катышуучуларды этап-этабы менен колдоо системасын түзүп жатат.
Мисалы, социалдык контракттын катышуучулары акыркы үч жылдан бери ишкердик субъект катары катталып, расмий түрдө иш жүргүзүп жатышса, 200 миң сомго чейин пайызсыз насыяларды ала алышат.
Урманбетов белгилегендей, бул аракеттер программа катышуучуларын андан ары колдоо, чакан бизнести көмүскө экономикалардан чыгаруу, жаңы жумуш орундарын түзүү жана салык базасын кеңейтүү мыяктуу бир нече максатты көздөйт.
Эксперттин пикиринде, социалдык контракттын натыйжалуулугу факторлордун эки тобуна субъективдүү жана объективдүү факторлорго көз каранды.
Субъективдүү факторлорго ал программага катышкан адамдардын жеке демилгесин киргизет.
“Бир эле жерде жашап, бирдей баштапкы шарттарга ээ болгон адамдардын таптакыр ар башка жыйынтыктарга жеткен учурларын көрдүк. Бир адам бардык мүмкүнчүлүктөрдү активдүү пайдаланып өнүгөт, экинчиси анчалык демилге көтөрбөйт. Ошондуктан көп нерсе алуучулардын өздөрүнөн көз каранды”, — деди Урманбетов.
Ошол эле учурда программанын ийгиликтүү болушуна түздөн-түз таасир эткен төмөнкүдөй объективдүү факторлор да бар. Алар финансылык сабаттуулукту окутууну күчөтүү, ишкердик көндүмдөрдү өнүктүрүү, долбоорлорду коштоп жүрүү, катышуучуларга сатуу базарларын табууга жардам берүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын активдүү тартуу.
Эксперт программанын өзгөчөлүктөрүнүн бири катары анын ийкемдүүлүгүн белгиледи. Анын айтымында, учурдагы жобо социалдык контрактты жеке үй-бүлөлөргө гана эмес, жарандардын тобуна да берүүгө мүмкүндүк берет.
“Мисалы, беш адам биригип, жалпы ишкана түзүп, каржылык жана эмгек ресурстарын бириктирип, долбоорду чогуу ишке ашыра алышат”, — деп түшүндүрдү ал.
Урманбетовдун пикиринде, мындай модель айрыкча айыл аймактары үчүн келечектүү. Анткени, бул жерде чакан кооперативдерди, цехтерди же кайра иштетүүчү ишканаларды түзүүгө болот.
Ал ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарында социалдык-экономикалык өнүгүүнүн программалары бар экенин, социалдык контракттарды ошол пландарга интеграциялоого болорун белгиледи.
“Эгер жергиликтүү бийлик программа катышуучуларын аймак үчүн артыкчылыктуу болгон тармактарга багыттаса, бул жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү менен катар өлкө аймактарынын экономикасын өнүктүрүүгө жардам берет”, — деп эсептейт эксперт.
Мындан тышкары, анын айтымында, министрлик буга чейин эле продукцияны сатууга шарт түзүү жана программа катышуучулары арасында кластердик ыкманы өнүктүрүү боюнча кадамдарды жасап баштаган.
Иш менен камсыз кылуу жана жумуш орундарын түзүү багыты
Министрлер кабинети белгилегендей, калкты жумуш менен камсыз кылуу, ишкердикти колдоо жана жеңилдетилген каржылоо программаларын өнүктүрүү мындан ары да уланат.

Данияр Амангелдиевдин айтымында, мамлекет мындан ары да агрардык сектор, чакан жана орто бизнес үчүн арзан насыялардын көлөмүн кеңейтүүнү көздөйт. Анткени, өз ишин өнүктүрүү жана жаңы жумуш орундарын түзүү калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу жана жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүүнүн негизги жолу катары каралууда.