Мергенчилик жана логика: Башкы машыктыруучу ордо оюнунун сырларын айтты

Көчмөндөр оюндары-2026 Загрузка... 18 Июнь 2026 10:55
1023415129_0_39_1023_683_1920x0_80_0_0_c6e0035f0eef511f24bd91780af99b52.jpg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Кыргызстан быйыл VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жогорку деңгээлде өткөрүүгө кызуу даярдык көрүүдө. Ири иш-чара 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунун бир катар аймактарында өтөт. Оюндардын башталышына саналуу гана күндөр калды. Расмий маалыматтарга ылайык, 100дөн ашык өлкөгө чакыруу жөнөтүлүп, алардын ичинен 50дөн ашуун өлкө катышарын тастыктады. Жалпысынан 95тен ашуун мамлекеттин спортчулары келип, спорттун 43 түрү боюнча мелдештер өтөрү күтүлүүдө. Программага кирген 43 оюндун жарымы кыргыз элинин улуттук оюндары болсо, калган жарымы башка өлкөлөргө тиешелүү. Бул оюндардын программасына кирген негизги улуттук оюндардын бири – ордо оюну тууралуу "Кабар" агенттигине Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын ордо оюну боюнча башкы машыктыруучусу Жаныбек Айталиев маек берди.

– Ордо оюну кыргыз элинин жашоосунда кандай орунду ээлейт жана эмнени чагылдырат?

Ордо кыргыз элинин байыркы улуттук оюндарынын бири. Ал көчмөндөрдүн турмушун, аскердик тартибин, стратегиялык ой жүгүртүүсүн жана согуштук тактиканы чагылдырган өзгөчө оюн болуп саналат. Бул оюн бүгүнкү күндө да өзүнүн популярдуулугун жоготпой, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги мелдештеринин бири катары ойнолуп келет. Ал кыргыз элине гана таандык болуп, анын тарыхы "Манас" эпосуна барып такалат. Акыркы 30 жылдан бери КР ордо оюну спорт федерациясы бул оюнду өлкө ичинде жайылтуу жана башка өлкөлөргө таанытуу багытында иш алып барып келет.

– Оюн кандай эрежелер менен ойнолот?

Ордо оюнунун негизги максаты борборго тизилген чүкөлөрдү чийинден сыртка чыгарып ойноо. Бул оюнда хан турган жерди борбор деп эсептеп, жанына жоокерлери деп чүкөлөрдү салып, чийилген айланманын ичинен чүкөлөрдү сыртка чертип чыгарат. Ар бир оюнчу үчүн бештен чүкө салынат жана ар бири үч жолу атууга милдеттүү. Эгерде атканда чүкө чыкса, оюнчу жыдыганча оюнун уланта берет. Оюн чийинди туура басып, борборду туштап атуу менен башталат. Оюнчу кайсы томпой менен ичке түшсө, ошол томпой менен чертиши керек. Чертип же атып жатканда эреже бузулса же өнөгү жыдытса, ортодогу калыстын айтуусу менен оюнду токтотот.

Оюндун жүрүшүндө бир жаат экинчи жаатка кезек жеткирбей бардык чүкөнү жана ханды алып кетсе, анда оюн экинчи жаатка салынып берилет. Өз кезегинде экинчи жаат дагы бардык чүкөнү ханы менен чыгарып кетсе, оюн тең чыкты болуп саналат да, кайра башынан башталат. Оюн үчүн томпой, чүкөлөр, хан жана 14 метрлик жип керектелет. Чүкөлөр бүтүн, сынбаган болушу шарт.

– Кыргызстанда кеңири жайылган ордо оюну кандай көндүмдөрдү өнүктүрөт?

Кыргызстанда ордо ойногондор абдан көп. Бул оюнга мектеп окуучуларынан тартып, улгайган адамдарга чейин кызыгышат. Ордо коопсуз, жаракат алып келбеген оюндардын катарына кирет. Ойногон адамдын кызыгуусу бат эле артат. Бүгүнкү күндө ар бир облуста, райондордо жана окуу жайларда ордо боюнча машыктыруучулар бар, командалар түзүлгөн. Оюн учурунда кыймыл көп жасалат жана колдун күчү талап кылынат. Бир оюн учурунда 12 метрлик айлананын ичинде ары-бери чуркап жатып эле оюнчулар бир нече чакырым аралыкты басып өткөндөй кыймылда болушат. Мындан тышкары, бул командалык оюн болгондуктан, логикалык ой жүгүртүү, стратегия түзүү, өнөктөштөр менен иштешүү көндүмдөрүн өнүктүрөт. Ар бир эрежесине жараша атканы мергенчиликке, согуштук тактиканы, логиканы, жоокерлик сапаттарды өрчүтөт.

– Алдыдагы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктар кандай? Негизи бардык Көчмөндөр оюндарында ордо ойнолуп келүүдөбү?

Ордо оюну 2014-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан Көчмөндөр оюндарында негизги оюндардын бири катары ойнолуп келет. Болгону 2022-жылы Түркияда өткөн Көчмөндөр оюндарында ойнолгон жок. Буга чейин Кыргызстандын курама командасы дайыма алдыңкы орундарды багындырып келген. Акыркы жолу 2024-жылы Астанада өткөн оюндарда биринчи орунду алганбыз. Азыркы учурда негизги жана резервдик курама командалар түзүлүп, ар биринде 8ден оюнчу даярдык көрүүдө. Учурда машыгууларды Ысык-Көлдүн Бостери айылында өткөрүп жатабыз.

– Негизги атаандаштар кайсы өлкөлөр?

Азыркы учурда Тажикстандын курама командасы күчтүү атаандаш болуп эсептелет. Ошондой эле АКШ, Казакстан, Россия жана Түркия командалары да жакшы деңгээлде оюн көрсөтүп жатышат. Мисалы, Казакстандын курама командасы 2024-жылы Көчмөндөр оюндарына жакшы даярдык менен келишип, 2-орунду алышты. Быйыл Көчмөндөр оюндарынан кийин Түркияда өтүүчү "Алтын томпой" эл аралык турнирине да катышуу планыбыз бар.

– Кыргызстан боюнча ордо оюну менен машыккан канча спортчу бар?

Ар бир облуста ордо ойногон кеминде 300дөй адам бар. Кыргыздар бала кезинен чүкө ойноп чоңойгондуктан, бул оюнга табигый жөндөмүбүз бар. Көбүнчө чүкө ойногон балдардын жашы 15–16 жашка келгенде ордого кызыга башташат. Жыл сайын ордо боюнча КР чемпионаты өткөрүлүп, мыкты оюнчулар тандалып алынат. Облус, райондордон тандалып келген командалардын ичинен мыктылары курама командага кирип, өлкө намысын коргойт. Быйылкы курама команда учурда машыгуу процессинен өтүп, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кызуу даярданууда.