Microsoft Японияга 10 млрд доллар инвестиция салат

Дүйнө Загрузка... 06 Апрель 2026 09:20
WhatsApp Image 2026-04-06 at 08.41.40 (1).jpeg
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 06.04.26. /Кабар/. Microsoft Япониядагы жасалма интеллект жана булут кызматтарына 10 млрд доллар бөлөт. Бул тууралуу Казинформ Kyodo агенттигине шилтеме берип жазды.

Маалыматка караганда, Microsoft Япониядагы эң ири инвестиция салып, 2029-жылга чейин 1,6 трлн иенди (10 млрд доллар) бөлүп берет. Каражат өлкөнүн жасалма интеллект, булуттук эсептөөлөрү, киберкоопсуздук жана кызматкерлерди өнүктүрүү инфраструктурасын чыңдоого жумшалат.

Бул Microsoft'тун өлкөдөгү эң ири инвестициялык планы экени айтылды. 2024-жылы компания дата борборлорун жана булут кызматтарын өнүктүрүүгө 2,9 млрд доллар инвестиция салган.