Монголиянын коргоо министри иш сапары менен Кыргызстанга келди

Коом Загрузка... 25 Июнь 2026 09:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Коргоо министрлиги

Бишкек, 25.06.26. /Кабар/. Бүгүн коргоо министри Батлут Дамба жетектеген Монголиянын делегациясы расмий иш сапары менен Кыргызстанга келди.

Коргоо министрлигинен билдиришкендей, делегацияны "Манас" эл аралык аэропортунан Куралдуу күчтөрдүн Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн колбашчысы Талантбек Талипов тосуп алды.

Батлут Дамба иш сапарынын алкагында кыргызстандык кесиптеши Руслан Мукамбетов менен жолугушат. Ошондой эле кыргыз-монгол аскердик кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого багытталган бир катар иш-чаралар пландаштырылган.

Сапардын программасында "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине баруу, КР Куралдуу күчтөрүнүн аскер бөлүктөрүнүн жана аскердик объектилеринин ишмердүүлүгү менен таанышуу, ошондой эле маданий иш-чаралар каралган.