Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Кыргызстандын Акыйкатчы институту менен Казакстандын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү кызматташууну күчөтөт.
Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, Бишкекте Жамиля Жаманбаева менен Казакстандын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Артур Ластаев жолугушуп, алдыдагы мерчемдерди талкуулашты.
Жолугушууда 2022-жылы кол коюлган меморандумга толуктоого дагы кол коюлду.
Укук коргоо институттары эки мамлекеттин жарандарынын укуктары бузулган учурлар боюнча маалыматтарды ыкчам алмашуу, өз ыйгарым укуктарынын чегинде бузулган укуктарды калыбына келтирүүгө көмөктөшүү, жарандарды биргелешип кабыл алуу, мониторингдик сапарларды жана адам укуктары менен эркиндиктеринин бузулушун аныктоого багытталган башка иш-чараларды өткөрүүнү улантат.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын ичинде Акыйкатчы институтуна Казакстандын жарандарынан 2 кайрылуу келип түшкөн.