Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Бүгүн Нарын шаарында “Мөңгүлөрдү изилдөө, сактоо жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу” (IPROMO) аттуу эл аралык жайкы мектептин расмий ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чара Кыргызстандын тоо күн тартибин илгерилетүү, климаттын өзгөрүшү жана мөңгүлөрдү сактоо жаатындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле 2023–2027-жылдарга карата тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу алкагында өткөрүлүүдө. Жайкы окуу курстары үстүбүздөгү жылдын 7-июлуна чейин уланат.
Жайкы мектеп Тоо өнөктөштүгүнүн Катчылыгы тарабынан Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) жана Борбор Азия университети менен биргеликте, президенттин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлүнүн жана ФАОнун колдоосу менен уюштурулду.
IPROMO Эл аралык жайкы мектеби аймактын илимий жана эксперттик потенциалын чыңдоого, Борбор Азия өлкөлөрүнүн адистеринин ортосундагы кесиптик байланыштарды өнүктүрүүгө, ошондой эле мөңгүлөрдү сактоо жана тоо экосистемаларын туруктуу өнүктүрүү боюнча биргелешкен демилгелерди илгерилетүүгө көмөк көрсөтөт.
Жайкы мектеп мөңгүлөрдү сактоо, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, климаттык коопсуздук жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү маселелери боюнча билим жана тажрыйба алмашуу үчүн маанилүү аянтча болуп саналат.
Билим берүү программасынын алкагында лекциялар, практикалык сабактар, жеринде жүргүзүлүүчү изилдөөлөр жана топтук долбоорлор каралган. Жайкы мектепти өткөрүүдө Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы аймактык кызматташтыкты бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурулат.
Президенттин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова өз сөзүндө Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын (2023–2027) белгилеп, тоолуу өлкөлөрдүн жана аймактардын туруктуу өнүгүүсү үчүн стратегиялык ресурс катары мөңгүлөргө мониторинг жүргүзүүнүн жана аларды сактоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ошондой эле ал эл аралык климаттык сүйлөшүүлөрдүн алкагында тоо күн тартибин илгерилетүү жана Кыргызстандын туруктуу тоолуу өнүгүү боюнча эл аралык деңгээлдеги демилгелери тууралуу маалымат берди.
Жайкы мектеп ишине Кыргызстан, Казакстан Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан келген өкүлдөр, ошондой эле Борбор Азия университетинин ректору Кристофер Герри, ФАОнун өкүлү Олег Гучгельдиев жана ЕККУнун өкүлү Дмитрий Прудских катышууда. Лекторлор катары Бельгия, Италия, Швейцария, Норвегия, Германия, Австрия, Кыргызстан, Казакстан, Индиянын жана башка өлкөлөрдүн алдынкы адистери менен окумуштуулары чыгышууда.