Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Өлкө боюнча "Бала ырысы" жаңы жөлөк пулу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, анын алкагында элге ай сайын берилүүчү жөлөк пулду дайындоо жана алуу маселелери түшүндүрүлүүдө.
Белгиленгендей, "Бала ырысы" жөлөк пулун алуу үчүн арыздарды кабыл алуу 2026-жылдын 1-июлунан тартып министрликтин аймактык бөлүмдөрү тарабынан кабыл алына баштайт.
Так маалымат алуу жана жөлөк пулду өз убагында тариздөө максатында министрлик жарандарга жашаган жери боюнча аймактык бөлүмдөргө кайрылууну сунуштайт.