Окумуштуулар Антарктидадан акула табышты

Дүйнө Загрузка... 19 Февраль 2026 09:44
WhatsApp Image 2026-02-19 at 09.06.21.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 19.02.26 /Кабар/. Окумуштуулар Антарктиданын сууларынан биринчи жолу акуланы табышты. Бул тууралуу Associated Press агенттиги таянып, Известия билдирет.

Маалыматка ылайык, акула деңиздин болжол менен 490–500 метр тереңдигинде, суунун температурасы +1°Cден бир аз гана жогору болгон аймакта болгон. Көпчүлүк акулалар жылуу же мелүүн сууларды жакшы көргөндүктөн, мындай шартта жашай албайт деп эсептелип келген.

Батыш Австралия университетинин профессору Алан Жеймисондун айтымында, акула өзүнүн жайгашкан жерин бекеринен тандаган эмес. Суунун түбү бул аймакта акырындап барып андан да терең сууларга өтөт. Ал эми 500 метрдеги тереңдик башка катмарларга салыштырмалуу жылуураак.

Изилдөөчүлөрдүн божомолунда, Түштүк океанда акулалар өтө сейрек кездешет. Ошондуктан буга чейин мындай учур катталган эмес.

Белгилей кетсек, өткөн жылы Индияда балыкчылар узундугу 9 метрге жеткен, салмагы болжол менен 5 тонна болгон кит акуласын жээкке чыгарышкан. Аны чыгарууга 100гө жакын адам жардам берген. Бул аймакта мындай ири акула биринчи жолу кармалып, туристтер менен жергиликтүү тургундардын чоң кызыгуусун жараткан.