Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунда селдин кесепеттери жоюулууда

Аймак Загрузка... 08 Июль 2026 16:35
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 08.07.26. /Кабар/. Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун 144-145-чакырымдарынын аралыгында сел жүрүп, жолдун жээгине жана айрым тилкелерине зыян келтирди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, табигый кырсык кечээ, 7-июлда саат 16:40 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин болгон.

"Учурда аталган тилкеге министрликтин атайын техникалары тартылып, жолду тазалоо жана калыбына келтирүү иштери кызуу жүргүзүлүүдө. Жолдо унаалардын кыймылына чектөө киргизилген жок, каттам бар", - деп айтылат маалыматта.

Министрлик айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү аталган тилкеде жол коопсуздугунун талаптарын так сактап, этият болууга чакырат.