Ошто 22 жерге ЛЭД экран орнотулуп, 3 "акылдуу" аялдама курулат

Аймак Загрузка... 08 Июль 2026 15:10
outdoor-led-display1.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 08.07.26. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясында муниципалдык менчиктеги жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссиянын кезектеги отуруму өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйында жалпысынан 49 маселе каралды.

Жыйынтыгында комиссиянын чечими менен демөөрчүлөрдүн эсебинен 3 жер тилкесине заманбап "акылдуу" аялдамаларды курууга макулдук берилди. Аялдамалардын 30% аянтында тейлөөчү жайлар жайгашат.

741304920_1367743375544556_1303329532278733248_n

Ошондой эле санариптик ЛЭД экрандарды орнотуу үчүн 22 жер тилкеси, ал эми аукцион аркылуу ижарага берүү жана аукционго чыгаруу үчүн 17 жер тилкеси жактырылды. Ошондой эле 4 жер тилкеси түз ижарага берилет.