Ош шаарында Абдыкадыров көчөсү кеңейтилип жатат

Аймак Загрузка... 16 Июнь 2026 10:10
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 16.06.26. /Кабар/. Ош шаарында Р.Абдыкадыров көчөсү кеңейтилип жатат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Б. Осмонов көчөсүнө алып чыга турган жолду жасоо максатында долбоорго кирген жеке менчик турак жайлар буздурулууда.

Мэр Жанарбек Акаевдин тапшырмасы менен турак жай ээлерине мыйзам чегинде тиешелүү компенсациялар толук төлөнүп берилди.

Аталган көчөдө жүргүзүлүп жаткан иштер жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого, жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана шаардын жол тармагын жакшыртууга багытталган. Курулуш иштери белгиленген графикке ылайык жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, учурда Ош шаарында бир эле мезгилде 17 көчөдө жолду оңдоо жана жаңылоо иштери жүрүп жатат.