Бишкек, 17.06.26. /Кабар/. Ош шаарында бир катар мектеп жана бала бакчалар оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө.
Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн шаар мэри Жанарбек Акаев курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.
Ал алгач №38 Барпы Алыкулов атындагы мектеп-гимназиясына, андан кийин №41 Хабиб Абдуллаев атындагы орто мектебине барды. Ошондой эле "Таң шоола" жана "Топ жылдыз" балдар бакчаларындагы оңдоо иштерин көрдү.
Буга чейин аталган объектилердин кейиштүү абалына күбө болгон мэр балдар үчүн шарт түзүлүшү керектигин айтып, дароо толук капиталдык оңдоо жүргүзүү чечимин кабыл алган. Учурда жумуштар активдүү жүрүп жатат.
Акаев мектептерди жаңы окуу жылына чейин бүткөрүп, пайдаланууга берүүнү тапшырды. Курулуш иштеринин ыргагын тездетүү зарылдыгын белгиледи.
"Бүгүнкү күндө шаарда балдардын саны кескин көбөйгөндүгүнө байланыштуу бир класста 50-60тан бала окууга аргасыз болууда. Ушуга байланыштуу кошумча корпустарды куруу жана жаңы мектептерди салууга муктаждык жаралган. Учурда Ош шаарында 20 мектептин курулушу жүрүүдө. Анын 16сы мамлекеттик, 4ү жеке менчик. Ошондой эле шаар боюнча 4 жаңы бала бакчанын курулушу да катар жүргүзүлүп, 3 бала бакча толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө",-деп айтылат маалыматта.