Ошто XIII Республикалык театр фестивалы өтүп, ага өлкөнүн 14 театры катышат

Маданият Загрузка... 12 Сентябрь 2025 15:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 12.09.25 /Кабар/. 15-20-сентябрь күндөрү Ош шаарында өтө турган XIII Республикалык театр фестивалына өлкөнүн 14 театры катышат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Орун басардын айтымында бул Кыргызстандагы театр багытындагы чоң фестивалдардын бири болуп саналат. Мындан кийин октябрь айында эл аралык деңгээлдеги “Арт Ордо” фестивалы өткөрүлөт.

“Фестиваль өзү 2007-жылдан тарта өткөрүлүп келет. Бирок ортодон пандемияга байланыштуу убактылуу токтоп калган. Быйыл эми кайрадан жанданып, Ош шаарында өтүү алдында турат.

16-сентябрь күнү саат 16:00дө С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында иш-чаранын ачылыш аземи өтүп, күнүнө экиден спектакль көрүүчүлөргө тартууланып турат.

Ага өлкөдөгү республикалык, облустук жана райондук деңгээлдеги бардык театрлар катышат. Катышуучу курам 229 адамды түзүүдө. Министрлик тарабынан уюштуруу комитети, анын ичинде эң мыкты спектаклдерди тандап ала турчу калыстар тобунун курамы түзүлдү.

Театр бул жөн гана искусство эмес, коомчулукта болуп жаткан көйгөйлөрдү айтып, алардын чечүү жолдорун сунуштай турган чыгармачыл аянтча болуп саналат. Учурдан пайдаланып, жалпы элибизди, өзгөчө жаштарды фестивалга чакырабыз”-деди ал.

Белгиленгендей, спектаклдер С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры менен Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек академиялык музыкалык-драма театрында саат 11:00дө жана 19:00дө коюлуп турат. Кирүү акысыз.

Ал эми Кыргызстан театр ишмерлер союзунун президенти Жаныш Кулмамбетов алдыда өтө турчу фестивалга токтолуп жатып, “Биз муну менен, беш жылдан бери өткөрүлбөй калган убакыт аралыгында биздин театрлардын чыгармачылык, репертуардык саясаты кандай жана кандай тенденцияларга ээ, кадрдык күчтөрү кандай болуп жатат деген суроого жооп алып, тыянак чыгарсак болот. Буга жараша маданият министри дагы өзүнүн баасын берет. Экинчи жагынан алганда фестиваль бул албетте конкурс, андыктан, калыстар тобу дагы спектаклдерди калыс баалап берет деп ишенебиз”,-деди.

Фестиваль Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы жана Кыргыз ССРнин эл артисти С. Андабековдун 100 жылдыгына карата Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулууда.

Максаты - Улуу жеңишти даңазалоо, С. Андабековду эскерүү, кыргыз театр өнөрүн өнүктүрүү жана эл аралык деңгээлге чыгаруу, театрлар ортосунда тажрыйба алмашуу, жаш актёрлорду жана жаңы чыгармачылык күчтөрдү колдоо.