Пенсияга багытталган каражат 5 жылда 105 млрд сомго жетти

Президент Загрузка... 27 Февраль 2026 12:35
21ca7bc4-b033-45af-b.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 27.02.26 /Кабар/. Пенсиялык төлөмдөргө багытталган каражат 5 жылда 50 млрд сомдон 105 млрд сомго чейин өстү. Бул тууралуу кеңешмеде өлкө башчысы Садыр Жапаров билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн пенсиялык системасында мындай динамика сейрек кездешкен.

"Пенсия, социалдык төлөмдөр жана айлык акыларды жогорулатуу бүгүнкү күндө артыкчылык бойдон калууда. Анткени күчтүү экономика ар бир жаранга татыктуу жашоону камсыз кылышы керек", - деди президент.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкекте республикалык кеңешме өтүүдө. Ага министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлери, акимдер катышып жатат.