Бишкек, 19.02.26 /Кабар/. Перу Конгресси убактылуу президент Хосе Херини шайлоого эки айга жетпеген убакыт калганда кызматтан алды. Бул тууралуу Интерфакс билдирет.
Маалыматта белгиленгендей, ага карата коррупция жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча тергөө иштери ачылган.
Хери кызматка 2025-жылдын октябрь айында, кылмыштуулуктун өсүшүнө байланыштуу кызматтан четтетилген Дина Болуартенин ордуна келген.
2016-жылдан бери өлкөдө жалпысынан жети президент алмашкан.
Хериге каршы тергөөлөр - анын эки кытай ишкери менен болгон расмий эмес жолугушуусунан улам башталган. Ал муну мыйзам бузуу эмес деп, айыптоолорду четке кагууда.
Парламент убактылуу президентти депутаттардын ичинен тандайт. Ал адам 12-апрелде өтө турган шайлоодо жаңы президент шайланганга чейин өлкөнү башкарып турат. Шайлоодо жеңген президент 28-июлда расмий түрдө кызматка киришет.