Pokemon карточкасы 16 млндон ашуун долларга сатылып, дүйнөлүк рекорд жаратты

Дүйнө Загрузка... 17 Февраль 2026 09:40
WhatsApp Image 2026-02-17 at 09.21.10.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 17.02.26 /Кабар/. АКШнын Нью-Жерси штатында өткөн аукциондо сейрек кездешүүчү Pokemon карточкасы 16,49 миллион долларга сатылып, дүйнөлүк рекорд жаратты. Бул тууралуу Kazinform кабарлайт.

Маалыматта белгиленгендей, атактуу Пикачунун сүрөтү түшүрүлгөн Pokemon`дун сейрек картасы ачык аукциондо сатылды. Жалпысынан 39 даана карта бар. Алар 1998-жылы Япониядагы CoroCoro Comic журналы уюштурган сүрөт сынагынын жеңүүчүлөрүнө ыйгарылган.

Лотту Goldin Auctions аукцион үйү сатыкка чыгарды. Картанын мурунку ээси америкалык блогер Логан Пол. Ал бул картаны 2021-жылы 5,27 миллион долларга сатып алган.

Аукциондун жеңүүчүсү Пикачу картасын бриллиант чынжыр менен кошо алган. Ал акыркы баскычка катышуу үчүн Логан Полдун YouTube каналындагы түз эфирге чыккан.

Акыркы жылдары белгилүү блогерлер Pokemon карталары салынган кутуларды түз эфирде ачып, жүз миңдеген долларга бааланган сейрек карталарды табууга аракет кылып келишет.