Бишкек, 02.07.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-июлда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы мамлекеттик бардык сезондогу "Ала-Тоо Резорт" тоо кластеринин алкагында асма жолдорду техникалык ишке киргизүүнү баштап берди.
Мамлекет башчысы келечектеги бийик тоолуу эс алуу жайдын инфраструктурасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Долбоордун өкүлдөрү билдиргендей, бүгүнкү күндө узундугу 1727 метр болгон В-1 жана узундугу 2296 метр болгон В-2 асма жолдорунун курулушу аяктады.
Ошондой эле долбоордун алкагында жалпы узундугу болжол менен 120 чакырымды түзгөн ар кандай деңгээлдеги лыжа трассаларын куруу пландалууда. Бул бардык категориядагы эс алуучуларды кабыл алууга жана тиешелүү сертификаттарды алгандан кийин келечекте эл аралык мелдештерди өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Объекттин коопсуздугуна жана ишенимдүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулууда. Коргоочу торлор, инженердик коргонуу, навигация жана суу агызуу системалары орнотулууда. Ошону менен катар суу менен камсыздоо объектилери, анын ичинде суткасына 3200 куб метр суу берүүчү башкы суу алуучу курулма, 12 миң адамды камсыздай турган ичүүчү суу резервуарлары, суу даярдоо станциясы жана өрткө каршы бассейн курулуп жатат. Электр энергиясы менен камсыздоо системасы да жигердүү өнүктүрүлүүдө.
Муну менен бирге ири жол куруу иштери жүрүп жатат. Каракол – Жыргалаң багытындагы 65 чакырымдык автожол салынууда, Боз-Учук – Жыргалаң жолуна (14,5 чакырымына) асфальт төшөлүүдө жана узундугу 8,5 чакырым болгон альтернативдүү жол курулууда.
Иш-чаранын жүрүшүндө президент Садыр Жапаров көтөргүчтү башкаруу пультундагы баскычты басып, алгачкы эки асма жолду ишке киргизди. Ошондой эле 2026-жылдын аягына чейин пайдаланууга берилиши пландалган дагы төрт асма жолдун токтотмо станцияларынын пайдубалына мезгил кутусун салды.
Мамлекет башчысы бул тарыхый иш-чарага чакырылган жергиликтүү тургундар, инвесторлор жана чет өлкөлүк адистер менен да баарлашып, аксакалдардын батасын алды.
Курорттун биринчи этабын ачуу 2026-жылдын декабрь айына пландалган. Бул убакытка чейин алгачкы лыжа трассалары, алты асма жол, административдик имараттар, ижарага берүү пункттары жана унаа токтотуучу инфраструктура пайдаланууга берилет.
Долбоор толук ишке ашырылгандан кийин Жыргалаң курорттук шаарчасындагы лыжа трассаларынын жалпы узундугу болжол менен 120 чакырымды, ал эми "Ала-Тоо Резорттун" үч аймагындагы бардык трассалардын жалпы узундугу 250 чакырымга жакын болот. Курорт жылына 4 миллионго чейин туристти кабыл алып, болжол менен 7 миң жаңы жумуш ордун түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
"Ала-Тоо Резорт" долбоору Кыргызстандын негизги стратегиялык демилгелеринин бири болуп саналат жана президент Садыр Жапаровдун жеке демилгеси менен анын көзөмөлүндө ишке ашырылууда.