Бишкек, 13.02.26 /Кабар/. Президент Конституциялык сотко кайрылуу менен конституциялык кризистин алдын алды. Мындай пикирин “Кабар” агенттигине саясат таануучу Бакытбек Жумагулов билдирди.
Ал мамлекет башчысынын коомду бөлүп-жарышы мүмкүн болгон жасалма кырдаалды басууга багытталган кадамдарынын маанилүүлүгүн белгиледи.
Эскерте кетсек, 75 адамдан турган топ президенттин мөөнөтү тууралуу маселени көтөрүп, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү талабын койгон. Ошол эле учурда бир катар саясатчылар жана эксперттер мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө эч кандай юридикалык негиз жок деп эсептешет.
“Мындай шартта маселе саясий басым, эмоция же көчө мобилизациясы форматында эмес, бир гана укуктук талаада чечилиши маанилүү. Мындай маселелерде акыркы чекит социалдык тармактар же саясий билдирүүлөр аркылуу эмес, дал ушундай карама-каршылыктарды чечүү үчүн түзүлгөн компетенттүү юридикалык механизм — Конституциялык сот аркылуу коюлушу керек.”
Бул маселе боюнча канчалык эртерээк так, ачык жана мыйзамга таянып түшүндүрмө берилсе, шайлоо алдында аны саясатка айлантып, өлкөнү туруксуздаштырууга колдонуу коркунучу ошончолук аз болот.
Бул жагдайда президенттин конституциялык кризисти болтурбоо боюнча позициясы түшүнүктүү. Бирок өлкөнүн туруктуулугу бир гана саясий чечимдер менен эмес, эң биринчи кезекте ачык, так жана мыйзамга негизделген чечимдер аркылуу камсыз болот. Андай чечимди коомчулук, саясий лидерлер, активисттер жана эл аралык өнөктөштөр да кабыл алышы керек.
Азыркы негизги милдет — чыңалууну азайтуу, бири-бирин айыптоону токтотуу жана маселени саясаттан чыгарып, мыйзам чегинде кароо. Укуктук маселени саясий жаңжалга айландыруу аракеттери өлкөдөгү туруксуздукту күчөтүшү мүмкүн", — деп жыйынтыктады Бакытбек Жумагулов.