Эмгек миграциясында жүргөн Кыргызстандын жарандарын мекенге кайтаруу, аларга жумуш орундарын түзүү, мигранттардын потенциалын өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө колдонуу. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги өлкөнүн Миграция боюнча концепциясынын экинчи баскычын ишке ашырууну баштады. Ага ылайык жеке бизнесин түптөө үчүн мигранттар тарабынан инвестицияларды тартуу боюнча шарттар жана механизмдер иштелип чыгат.
Учурда болжолдуу эсептерге ылайык 700 миңден ашуун кыргызстандык чет өлкөлөрдө эмгектенүүдө. Алардын басымдуу бөлүгү Россия, Казакстан жана Түркияда иштегендер. Эмгек мигранттары 2025-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстанга 2 млрд 958 млн доллар которушкан. Бул 2024-жылдагыдан 436 млн долларга көп. Которуулардын 90% ЕАЭБ өлкөлөрүнө туура келет. Миграция процесси мигранттардын финансылык сабатынын начардыгы, Кыргызстанда пайда болгон кадрдык жетишсиздик, дүйнөнүн жумуш берүүчү өлкөлөрүндөгү миграциялык саясаттын катаалдашуусу сымал көйгөйлөр менен коштолуп келет.
2021-жылы президент Садыр Жапаровдун ”Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө” жарлыгы кабыл алынган. Анын негизинде 2021-2030 жылдарга Кыргызстандын Миграция саясатынын концепциясы иштелип чыккан. Ага ылайык мигранттарды мекенге кайтаруу, миграцияда үйрөнгөн көндүмдөрүн колдонууга шарт түзүү, аларды Кыргызстанда татыктуу эмгек шарттары бар квалификациялуу жумуш менен камсыздоо, жеке бизнесин түптөө үчүн мигранттар тарабынан инвестицияларды тартуу боюнча шарттарды жана механизмдерди иштеп чыгуу, социалдык, экономикалык, маданий долбоорлор аркылуу өлкө аймактарынын өнүгүшүнө инвестициялоого шарт түзүү каралган. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Миграция процесстери жана өнүгүү программалар бөлүмүнүн башчысы Эркинбек Каримов “Кабар” агенттигине берген маегинде жаңы багыт кандай ишке ашары туурасында маалымат берди.
— Эркинбек Токтомуратович, эмгек мигранттарын мекенге кайтаруу, аларга Кыргызстанда жумуш орундары сымал шарттарды түзүү иштери башталган экен. Бул мамлекеттик саясатпы же мекенге кайтабыз деген мигранттар көбөйдүбү?
— Биздин мамлекеттин бирден бир приоритеттүү багыттарынан болуп, ушул миграция саясаты эсептелинет. Кыргызстандын Миграция концепциясынын 2025-жылга чейинки биринчи баскычында мигранттардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн финансылык сабатын жогорулатуу, чет өлкөлөрдө эмгектенип жаткан кыргыз жарандарын пенсия системасына тартуу каралган. Ошондой эле мамлекеттик жана жеке сектордо жумуш менен камсыз кылуу агенттиктерин кеңейтүү жана мигранттардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу камтылган.
Баса белгилеп кетүүчү жагдай, учурда Россияда эле эмес, Америка, Европа жана Азия мамлекеттеринде да миграция саясаты катаалдашып жатат. Жагдай эмгек мигранттарын акырындап кайтуу тенденциясына алып келүүдө. Ошондуктан биз кайтып келген кыргыз жарандардын өлкө экономикасына иштөөсүнө шарттарды түзүү иштерин жүргүзүп жатабыз.
Миграция концепциясынын экинчи баскычында дал ушул кайтып жаткан жарандарыбызга өзгөчө маани берилген. Ошол эле убакта чет элдик эмгек мигранттарынын Кыргызстанда мыйзамдуу иштөөсүнө көңүл бурулган. Эл арасынан “Индия, Пакистан, Бангладештен келгендер көбөйүп кетти, айлык жакшыбы, алардын ордуна өз жарандарыбызды иштетпейсиңерби” деген сөздөр чыгып жатат. Бул жерде бир нерсени түшүнүү керек. Миграциянын агымы дүйнө жүзү боюнча токтобой жүрүп турган процесс. Кыргызстан глобалдык экономиканын катышуучусу болгондуктан, бул процесстен өзүнчө бөлүнүп чыга албайбыз. Башкача айтканда, биздин жарандар Россия, Америкага кетсе, бизге Индия, Пакистан, Бангладештен келишет. Бөлөк мамлекеттерден жумушчу күчүнүн келип жатканы, биздин экономиканын өнүгүшүнүн көрсөткүчү деп эсептесе болот.
— Концепцияда кайтып келген эмгек мигранттарына Кыргызстандын экономикасы үчүн иштеп берүүсүнө, инвестиция салуусуна шарт түзүү пункттары бар экен. Аларга мамлекет тарабынан жеңилдетилген насыя, жер жана башка салыктар боюнча жеңилдиктер каралып жатабы?
— Албетте, миграция концепциясынын негизги максаттарынын бири жарандарыбыздын мекенине кайтып келип, үй-бүлөсү менен бирге болуусу жана иштөөсү. Учурда миграциядан кайткандарга карата министрлик тарабынан Реинтеграция программасы иштелип чыгып, учурда документ президенттин администрациясынын кароосунда. Бекитилсе, бул багыт боюнча ишти күчөтөбүз.
Мындан тышкары, Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте жана Эл аралык миграция уюмунун финансылык көмөгү менен пилоттук негизде “Мекеним 1+1” программасы ишке киргизилген. Биздин министрликтин иши аталган программанын шарттарын чет жакта жүргөндөргө түшүндүрүп, үгүттөөгө багытталган. Биринчи баскычы жалпы өлкөнү камтыса, экинчи баскычта бир эле Баткен облусун тандап алдык. Баткен облусу өзгөчө макамга ээ болгондугуна жана калкынын эмгек миграциясына кетүүсү жогору болгонуна байланыштуу, пилоттук долбоорду ушул облустан баштоо чечими кабыл алынган. 59 жаранга жалпысынан 19 млн сом каражат берилди. Бул долбоор 80%дан ашуун ийгиликтүү ишке киришти жана чоң долбоорго айланарына ишеничтебиз. Мындан сырткары, салыктык жана башка жеңилдиктер боюнча да сунуштарыбызды беребиз.
— Кайтып келген мигранттарга дагы кандай шарттар, кандай жумуштар, кандай маяналар сунушталууда? Мамлекеттер арасында айлык боюнча айырмачылыктар бар да.
— Албетте, биздин миграциядагы жарандарыбыздын маяна боюнча талаптары жогору. Мурда Россияда 70-80 миң рублга иштесе, азыркы орто анализ боюнча Кыргызстан жарандары 100 миң рублдан кем эмес ишке макул болушпайт. Биздин өлкөдө орточо айлык 45-50 миң сомдун тегерегинде экенин эске алып, суроо-талап болсо орундарды толтурабыз. Экономиканын эрежелери ошондой иштейт. Биздин министрликте иш берүүчүлөрдүн базасы бар. Айта кетсек, министрликтин иш менен камсыз кылуу кызматынын базасында 5 миң 243 бош оруну бар. Кыргызстанга келгендерге жумуш бере алабыз. Маегибиздин башында айтып өткөндөй, жумушчу күчтүн агымы токтобой турган процесс. Бизде иштеп жаткан чет элдик эмгек мигранттарынын өз мамлекетинин да, биздин өлкөнүн да экономикасына салымы чоң. Кыргызстандагы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу сымал ири инфраструктуралык, инвестициялык долбоорлорго жумушчулар, жогорку квалификациялуу жумушчу күчтөр керек. Бул жетишсиздикти сырттан келген адистер менен толуктай алабыз. Бирок, алар сөзсүз биздин өлкөдө мыйзамдуу жүрүшү керек, тартипти бузбай, ак ниет иштөөсү зарыл. Бул процесстер улуттук коопсуздукка таасирин тийгизиши мүмкүн, ошондуктан мамлекет тарабынан дыкат көзөмөлдөөгө жана жөнгө салууга зарыл.
— Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз! Ишиңизге ийгилик!
Эске салсак, аталган концепциянын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тарабынан “Санарип консул” веб-порталы түзүлдү. Анда миграцияга байланышкан бардык суроолорго жооптор камтылган. Жаран дүйнөнүн кайсы өлкөсүндө жүрбөсүн, курч жагдай жаралганда телефонго жүктөлгөн тиркеменин кызыл кнопкасын басуу менен эң жакын жайгашкан консулдук кызматтан жардам алса болот. Ошондой эле 24 саат бою иштеген Колл-борбор ачылып, каалаган суроолорго үч тилде маалымат берилип жатат.