Садыр Жапаров Нарын шаарынын жана районунун тургундары менен жолугушту

Президент Загрузка... 24 Июнь 2026 15:20
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-июнда Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Нарын шаарынын жана Нарын районунун активи жана тургундары менен жолугушту.

Президент өз сөзүндө облустун негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнө токтолуп, мамлекеттин бюджеттик мүмкүнчүлүктөрү туруктуу өсүп жатканын, аймактарды каржылоо көлөмү көбөйгөнүн, ошондой эле калктын эмгек акысын жана социалдык колдоо деңгээлин жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Андан соң мамлекет башчысы Нарын облусунда ишке ашырылып жаткан жана пландалган долбоорлор тууралуу кеңири маалымат берди.

Ал акыркы жылдары Нарын шаарында шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтты. Учурда жолдор оңдолуп жана курулуп, билим берүү жана саламаттык сактоо объектилери салынып, мамлекеттик мекемелердин административдик имараттары жаңыланууда. Бул долбоорлор шаардын көркүн жакшыртып, тургундар үчүн кыйла ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өбөлгө болууда.

Ошону менен катар мамлекет коомчулукта элдин жүгүн тартып келе жаткан кесип ээлерин колдоого артыкчылыктуу көңүл буруп келет. Ушундан улам өткөн айдан тарта дарыгерлердин, мугалимдердин, социалдык коргоо, маданият жана спорт кызматкерлеринин, ошондой эле техникалык жана кенже тейлөө кызматкерлеринин айлык маяналары 100 пайызга жогорулатылды.

Турак жай тартыштыгын жоюу максатында учурда 216 батирден турган тогуз кабаттуу төрт ипотекалык турак үйдүн курулушу уланууда.

“Тикелей тартылган инвестиция менен 416 батирлүү “Тянь-Шань сити” турак жай комплекси курулуп жатат. Мындан сырткары, Нарын шаарын кеңейтүү, шаар тургундарын турак жай менен камсыз кылуу максатында “Тайлак баатыр” атындагы №2025 аскер бөлүгүн шаар четине көчүрүп, бошотулган 128 батир капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, үйгө муктаждарга социалдык ипотека аркылуу берилмекчи”, - деди президент.

Ал шаар тургундарын коомдук транспорт менен камсыз кылуу максатында Турукташтыруу фондунан 250 млн сом акча каражаты бөлүнгөнүн билдирди. Бул каражатка 11 автобус, “Таза-Нарын” жана “Жашылдандыруу” ишканаларынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында 33 атайын техника сатылып алынды.

“Ошол эле Турукташтыруу фондунан 807 млн сом акча каражаты бөлүнүп, Нарын шаарында заманбап үлгүдөгү маданий борбор, 200 орундуу муниципалдык борбордук мончо, балдар ойноочу жай курулууда.
Шаардын 5000 орундуу борбордук “Ала-Тоо” стадиону 326 млн сомго реконструкцияланып жатат, буюрса ал дагы шаардын, райондун жана облустун спорт тармагынын өнүгүшүнө чоң кызмат кылат деген ниеттемин”, -деп айтып берди Садыр Жапаров.

Андан соң мамлекет башчысы Нарын районун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге кыскача токтолду.

“Нарын району Орто Азиядагы эң ири Нарын дарыясын бойлой жайгашкан. Ат-Башы ГЭСинен сырткары, келечекте Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу долбоорлору каралган, учурда Куланак ГЭси курулуп жаткан маанилүү райондордун бири. Ошону менен бирге Солтон-Сары өрөөнүндө алтын кендери, Эки-Нарын өрөөнүндө темирдин запастары өтө көп аймак”, - деп белгиледи президент.

Ал Солтон-Сары кенинде алтын өндүрүү иштери башталып, жергиликтүү өнүктүрүү фонддоруна каражаттар түшө баштаганын кошумчалады. Солтон-Сары өрөөнүндө иш алып барган компания бүгүнкү күндө 450 адамды туруктуу жумуш орду менен камсыз кылууда. Компания 2025-жылга карата 869 кг алтын өндүрүп, мамлекеттик бюджетке жалпы 2 млрд сомдон ашык салык төлөгөн. Андан сырткары Нарын районунун Миң-Булак өнүктүрүү фондуна жылына 50 млн сомдон социалдык пакет катары каражат түшүп, жергиликтүү маселелерди чечүүгө жумшалууда.

“2024-жылдан тарта жыл сайын 100 өнөр жай ишканасын ачууну салтка айланттык. Быйыл дагы бул салт уланат. Өткөн жылы Нарын районунда бетон завод, тоок этин кайра иштетүүчү ишкана ачылса, быйылкы жылы 2 бетон завод жана алтын ылгоочу чакан фабриканын курулушу аяктап, пайдаланууга берилери күтүлүүдө”, - деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Президент ошондой эле “Кажырты” суткалык жөнгө салуу бассейнин тазалоо иштери ийгиликтүү аяктаганын айтты. Мындан тышкары “Топон-Арык” каналында оңдоо жана калыбына келтирүү иштери улантылып жатат.

“Элди таза суу менен камсыз кылуу жаатында иштерге токтолсок, райондо жалпы 41 айылдын 23 айылында таза суу бар. Ал эми 18 айылда реабилитациялык курулуш иштери жүрүп жатат. Анын ичинен 5 айылда курулуш-монтаждоо жумуштары аткарылууда, калгандарында долбоордук-сметалык документтер даярдалууда.
Район аймагына 2021–2025-жылдар аралыгында 49 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Быйыл жалпы узундугу 53,5 чакырым автоунаа жолдоруна асфальт төшөө планы бар”, - деди мамлекет башчысы.

Президент саламаттык сактоо, билим берүү жана калкты социалдык жактан колдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурду. Ал медициналык инфраструктураны өнүктүрүү, саламаттык сактоо мекемелерин заманбап жабдуулар менен камсыз кылуу жана медицина кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Мамлекет башчысы ошондой эле педагогдорду колдоонун, билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун жана талап кылынган адистерди даярдоонун маанисине токтолду. Президент мамлекеттик программалардын алкагында райондун тургундарына ишкерликти өнүктүрүү долбоорлору жана бийик тоолуу аймактарда жашаган үй-бүлөлөргө берилүүчү жөлөк пулдар аркылуу социалдык колдоо көрсөтүлүп жатканын белгиледи.

Жолугушуу андан соң суроо-жооп форматында уланды.