Кыргызстандын төңкөрүштөр жана мөөнөтүнөн мурда отставкалар менен коштолгон башаламан саясий тарыхын эске алганда, акыркы беш жыл мынчалык мазмундуу болорун эч ким күткөн эмес. Бирок, Садыр Жапаровдун президенттик кызматтагы 5 жылдыгынын жыйынтыктары баарын айтып турат.
Тышкы саясаттагы талашсыз ийгилик — чек ара маселелеринин тарыхый чечилиши болду. 2023-жылдын январында Кыргызстан менен Өзбекстан мамлекеттик чек араны делимитациялоо процессин аяктап, ратификациялык грамоталар менен алмашты.

2025-жылдын мартында Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери көп жылдык жаңжалга чекит койгон акыркы келишимге кол коюшту. Мурунку жетекчилердин отуз жыл бою колунан келбеген иш Садыр Жапаровдун командасы тарабынан саналуу жылдарда ишке ашырылды. Көпчүлүк чечилгис деп эсептеген Борбор Азия чек араларынын "түйүнү" чечилип, экономикалык интеграцияга жана чек ара аймактарынын туруктуу өнүгүүсүнө жол ачты.

Тышкы саясат негизги державалар менен стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого багытталган. 2021-жылдан 2025-жылга чейин Жапаров менен Путин сегизден кем эмес толук форматтагы сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү, ал эми 2025-жылдын ноябрында Россиянын президенти Бишкекке үч күндүк мамлекеттик сапар менен келип, мамилелердин союздаштык мүнөзүн тастыктады.
Ошол эле учурда Кытай менен кызматташтык өнүгүүдө: 2024-жылдын декабрында Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу башталып, эки тараптуу сооданын көлөмү дээрлик 20 млрд долларга жетти. Кыргызстан ЕАЭБ, ЖККУ жана ШКУдагы позицияларын бекемдеди, ал эми 2025-жылдын сентябрында республика ШКУга төрагалык кылууну кабыл алды.

Экономикалык жетишкендиктер тандалган багыттын натыйжалуулугун тастыктайт: 2025-жылдын 11 айында ИДПнын өсүшү 10,2 пайызды түзүп, мамлекеттик бюджеттин кирешеси 308 миллиарддан 687 млрд сомго чейин өстү, жакырчылыктын деңгээли 29,8 пайыздан 25,7 пайызга чейин кыскарды. Кумтөрдүн улутташтырылышы эки жарым жыл ичинде 300 млн доллар пайда алып келди (салыштырмалуу: мурунку 27 жылда болгону 100 млн доллар берилген), бул стратегиялык активди мамлекеттин көзөмөлүнө кайтарды.
Коррупцияга каршы масштабдуу кампания конкреттүү натыйжаларды берди: бюджетке 20 млрд сомдон ашык каражат кайтарылды, мыйзамсыз алынган активдердин 70 пайызга жакыны мамлекетке өткөрүлдү. Мурдагы аткаминерлер жана криминалдык авторитеттер жоопкерчиликке тартылды. 2021-жылдагы конституциялык реформа парламенттик системаны президенттик системага алмаштырып, системалык өзгөртүүлөрдү жүргүзүү үчүн зарыл болгон башкаруу вертикалын камсыз кылды.

Жапаровдун президенттигинин беш жылы мамлекеттүүлүктү консолидациялоо жана Кыргызстандын суверенитетин чыңдоо мезгили болуп калды. Садыр Жапаровдун тушунда Кыргызстан постсоветтик белгисиздиктен чыгып, так чек аралары, өсүп жаткан экономикасы жана түшүнүктүү тышкы саясий багыты бар калыптанган мамлекет катары өзүн таанытты.
Эң негизгиси, бул жетишкендиктер евразиялык интеграциянын логикасына шайкеш келет: туруктуу, экономикасы өсүп жаткан жана чек аралары такталган Кыргызстан ЕАЭБ жана ЖККУ алкагында ишенимдүү өнөктөшкө айланып, постсоветтик мейкиндиктеги коопсуздуктун жана экономикалык кызматташтыктын жалпы алкагын бекемдейт.
Владимир Лубянко, Россиялык саясат таануучу