Саламаттык сактоо системасындагы көйгөйлөр жана жаңы жетекчи

Пикир Загрузка... 02 Декабрь 2025 15:35
WhatsApp Image 2025-12-02 at 15.48.00.jpeg
copyright icon WWW
Бактыбек Мамбетов

Бактыбек Мамбетов

Бардык материалдар

Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагы көп жылдан бери системалык жана терең тамыр жайган көйгөйлөр менен күрөшүп келет. Министрликтин ичиндеги кландык байланыштар, кызыкчылыктардын топтору, башкаруу маданиятынын эскилиги, кадрдык туруксуздук — бул факторлор акыркы он жылда дээрлик бардык министрлердин ишин татаалдаштырды. Айрымдары реформа жүргүзүүгө аракет кылганы менен, ички каршылыктан улам башталган иштер толук ишке ашпай калган учурлар арбын.

Мындай кырдаалда профилдик тармактан чыкпаган, бирок башкаруучулук жөндөмү күчтүү жетекчини дайындоо — күтүүсүз чечим сыяктуу көрүнүш мүмкүн. Бирок, эл аралык практика муну бир нече жолу өзүн актаган моделдердин бири экенин көрсөтүп келет.

Европанын бир катар өлкөлөрүндө тармактык адис эмес адамдар маанилүү министрликтерди ийгиликтүү жетектеген учурлар көп. Мисалы, Германияда, Нидерланддарда же Францияда коргоо тармагын адистиги аскердик эмес, жада калса коомдук саясат же юриспруденция багытындагы айымдар жетектеген учурлар бар. Алардын тандалышы “профессионал аскер” болуу талапка жооп бербегендиктен эмес, тескерисинче, тармакты башкарууну калыс, ачык, кызыкчылыктардан эркин жүргүзө алгандыгы үчүн ийгиликтүү болду. Натыйжада, институционалдык реформалар, финансылык ачыктыктар, коррупциялык схемаларды азайтуу сыяктуу маселелерде олуттуу жылыштар байкалган.

Бул мисалдар тармакты жакшы билбеген адам жетекчи боло албайт деген түшүнүк ар дайым туура эместигин көрсөткөн. Айрым учурда сырттан келген башкаруучу, тескерисинче, кландык байланыштардан көз каранды болбогондуктан, татаал реформаларды эркин жүргүзө алат.

Ал эми биздин Саламаттык сактоо министрлигинде калыптанган кландык түзүлүш көп жылдан бери реформаларга олуттуу тоскоолдук болуп келген. Жаңы дайындалган министр — профили саламаттык сактоо эмес болсо да — дал ушул себептен улам артыкчылыкка ээ экени айтылууда. Ал мурдагы системадан көз каранды эмес, ички топторго милдеттүү эмес жана чечим кабыл алууда эркинирээк.

Кыргызстандагы акыркы бир нече министр реформаларды баштоого аракет кылганы менен, системанын каршылыгынан улам айрым иштер токтоп калган. Азыркы жетекчинин артыкчылыгы — бул каршылыкты айланып өтө ала турган нейтралдуулук жана башкаруучулук тартип. Мындай ыкма тармактагы кадрдык ырааттуулукту орнотууга, ачык башкаруу механизмдерин түзүүгө жана системаны кызыкчылыктардан арылтууга өбөлгө түзөт.

Эгер жаңы министр кландык таасирди азайтса, системаны мурда башкарган негизги тоскоолдуктарды жоё алат. Каражаттарды башкарууда ачыктыкка жетсе, бюджет жана сатып алуулардагы шектүү схемалардан кутулат. Бирдиктүү башкаруу аркылуу медициналык кызматтын сапатын жакшыртууга жетет. Кадр маселесине дагы абдан көңүл буруу зарыл. Себеби, ачык кадр саясаты, адистерди калыс тандоого мүмкүнчүлүк берет. Натыйжалуу өзгөрүүлөргө багытталган туруктуу, узак мөөнөттүү реформалар жүргүзүлсө гана, саламаттык сактоо системасында чыныгы өзгөрүүлөр күтүлөт.

Кечээки дайындоо Кыргызстан үчүн маанилүү сабак болуп калышы мүмкүн. Себеби, тармакты түшүнгөн адис дайыма эле эффективдүү жетекчи боло бербейт. Кээде тармакты сырттан караган, бирок башкарууну мыкты билген жетекчи системаны оңдоодо эң ылайыктуу фигура болуп чыгышы мүмкүн. Эл аралык мисалдар муну тастыктап турат.

Ошондуктан саламаттык сактоо тармагынын бүгүнкү абалында жаңы министрдин профили тармактык адистиктен эмес, биринчи кезекте башкаруу сапатынан көз каранды. Эгер ал ички кландык түзүлүштү бузуп, ачык жана түз саясат жүргүзө алса — анда бул Кыргызстандын саламаттык сактоо системасындагы эң маанилүү бурулуш учурлардын бири болуп калышы ыктымал.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков белгилегендей, Каныбек Досмамбетов кыска аралыкта коопсуздук тармагында облус боюнча бардык тармактарды терең анализдеп, олуттуу реформаларды жүргүзө алды.

“Бүгүнкү күндө саламаттык сактоо тармагы да терең реформага, олуттуу өзгөрүүлөргө муктаж. Ушул себептен улам буга чейин өзүн реформатор жана мыкты менеджер катары көрсөтө алган Каныбек Досмамбетов министр болуп тандалды", - деди ал.

Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагындагы топтолгон чакырыктарды эске алганда, мындай кадам логикалуу көрүнөт жана реалдуу өзгөрүүлөрдүн башталышы болушу мүмкүн.