Саламаттык сактоо тармагына 2025-жылы дээрлик 52 млрд сом бөлүнгөн

Коом Загрузка... 27 Февраль 2026 17:26
1024_768_kak-vybrat-vracha-min.webp
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 27.02.26 /Кабар/. Саламаттык сактоого багытталган жалпы консолидацияланган бюджеттин көлөмү 2025-жылы 51,9 млрд сомго чейин көбөйдү. Бул тууралуу республикалык кеңешмеде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.

Анын айтымында, бюджет 2021-жылдагы 26,3 млрд сомду түзүп, былтыркы жылы эки эсеге көбөйгөн.

“Жыл ичинде 10 саламаттык сактоо объектиси курулуп бүтсө, 2021–2025-жылдары жалпы 21 объект курулду, дагы 32 ири обьектинин курулушу жүрүп жатат”,-деди орун басар.

Ошондой эле 2025-жылы эле аймактарда иштеген дарыгерлерге кошумча төлөө үчүн республикалык бюджеттен дээрлик 1 миллиард сом бөлүнгөн. 2024-жылы 24 жана 2025-жылы 26 трансплантациясы жасалды, анын ичинде бөйрөк, боор жана жилик чучугун алмаштыруу. Кымбат баалуу дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды сатып алууга бөлүнгөн каражат 2021-жылга караганда 14 эсеге өскөн.