Саякатчылар Клеменс менен Лив: Кыргызстан Швейцарияга окшош кооз өлкө экен

Туризм Загрузка... 11 Август 2025 16:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Туризм тармагынын өнүгүүсү менен бирге өлкөгө келген туристтердин саны да өсүүдө. Быйыл Кыргызстанга 10 миллиондон ашуун туристтин келиши пландалган. Алардын арасында дүйнөнүн 40ка жакын өлкөсүн кыдырган швейцариялык саякатчылар Клеменс Мейер менен Лив Торресан да бар. 6-августта өлкөгө келген коноктор алгач Чоң Кеминге токтоп, учурда Каракол шаарына келишкен. Алдыда алар “Кабар” агенттигине өлкө тууралуу таасирлери менен бөлүшөт.

WhatsApp Image 2025-08-11 at 13.09.19.jpeg

Клеменс Мейердин айтымында, Кыргызстан менен Швейцариянын окшоштуктары көп экен. “Ошол эле тоолор, ошол эле кооз жаратылыш. Ал тургай, сүрөт тартып “Инстаграмм” социалдык баракчасына жүктөсөк, досторубуз “силер Швейцарияда эле жүрөсүңөр го” деп ишенгиси келбей жатышты”-дейт ал.

Ошондой эле алар улуттук тамак-аштар татып көргөндүгүн айтып беришти.

WhatsApp Image 2025-08-11 at 13.12.36.jpeg

“Кыргыз элинин тамактары абдан сонун экен. Бизге жакты. Өлчөмү (порциясы) чоң жана эти менен камыры көп болот экен. Негизинен байкасам аябай пайдалуу тамактар бар экен. Кечээ күнү Каракол шаарынан ашлянфу тамагын жеп көрдүк. Бизге кызык болгону бул тамак муздак берилет экен. Ичине картошка салынган пирожкини да биринчи жолу даамдап көрдүк”-деди Мейер.

WhatsApp Image 2025-08-11 at 13.09.38.jpeg

Ал эми Лив алар эмне себептен Кыргызсанды тандашканын айтып берди. Бул тандоого анын группалашы себеп болгон. “Кыргызстандык группалашым менен Швейцарияда магистратурада чогуу окуганбыз. Андан бул өлкө жөнүндө угуп, сүрөттөрүн көрүп кызыгуум артып жүрчү. Ошентип бул өлкөгө келүү чечимин кабыл алдык”,-деген оюн кошумчалады.

WhatsApp Image 2025-08-11 at 13.09.58.jpeg

“Мындан ары дагы Кыргызстандын кайсы жерлерине барасыздар?” - деген сурообузга алар: “Биздин Бишкек шаарынан чыгып биринчи барган жерибиз Чоң Кемин болду. Эми Караколдон ары Жети-Өгүз менен Кажы-Сайга барабыз”, - дешти.