Бишкек, 12.01.26. /Кабар/. The New York Times гезитинин Кыргызстанды саякатка ыңгайлуу өлкөлөрдүн катарына киргизиши өлкөбүздүн эл аралык туристтик дараметин далилдейт. Бул тууралуу Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандын бул тизмеге киришинин артында чоң эмгек турат.
“The New York Times гезити эл аралык абройлуу басылмалардын бири. АКШнын жарандары 2026-жылы кайсы мамлекеттерге барып эс ала тургандыгы тууралуу маалыматты жазып чыгышкан. Мында Кыргызстандын бул тизмеге кириши өлкөбүздүн эл аралык туристтик дараметин далилдейт.
Кыргызстан саякатка ыңгайлуу өлкөлөрдүн катарына бекеринен киргизилген жок, анын артында чоң эмгек турат. Биздин өлкөгө туристтер же башка программалар менен келгендер Кыргызстандын кооз жаратылышын, тарыхый-маданий мурастарын көрүп, тизмеге киргенге толук укугу бар экендигине ынанып кетишти.
Негизинен жылдын башында жакшы жаңылык болду. Эми АКШнын же башка мамлекеттердин туристтери болобу бизге келгенде өкүнбөгөндөй абалда кетүүсүнө бардык аракеттерди жасашыбыз керек”,- деди Касымов.
Ошондой эле ал учурда КР туризм жөнүндө мыйзамынын жаңы редакциясын жазуунун алдында турушканын кошумчалады. Себеби, туризм жөнүндө алгачкы мыйзам 1999-жылы кабыл алынган. Андан бери 3-4 жолу мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген. Бирок, аталган мыйзам заман талабына жооп бербей, моралдык жактан эскиргендиктен жаңы редакциясын жазуу пландалууда.
Эскерте кетсек, жыл башында The New York Times гезитинин “Саякат” бөлүмүндөгү жыл сайын саякаттоого ыңгайлуу 52 жердин тизмесине Кыргызстан киргизилген. Кыргызстан бул тандоодо Тянь-Шань тоолору менен өзгөчөлөнгөнү белгиленген. Анда туристтер жөө басып эле көз жоосун алган көлдөрдү көрүп, бийик аска-зоолордун кооздугуна суктанса болору айтылат. Ошондой эле Көл-Суу, Таш-Рабат, Саймалуу-Ташка да баруу сунушталат.