Бишкек, 16.02.26 /Кабар/. Sega Mega Drive оюн аппаратынын инженери жана иштеп чыгуучусу Хидэки Сато 77 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Известия кабарлайт.
Маалыматка ылайык, “Sega компаниясынын аппараттык камсыздоосунун атасы» деп аталган Сато компаниянын бардык классикалык оюн системаларын көзөмөлдөп, алардын өнүгүшүнө чоң салым кошкон.
Ал Sega компаниясындагы эмгек жолун 1971-жылы баштаган. 1989-жылы изилдөө жана иштеп чыгуу бөлүмүн жетектеп, Nintendo менен атаандаштыкты күчөтүү максатында иш алып барган. Сато компания менен бирге SG-1000 моделинен тартып Dreamcast телевизорго туташтырылуучу оюн аппаратына чейинки узак жолду басып өткөн.
2001–2003-жылдары ал компаниянын президенти кызматын да аркалаган. Мындан тышкары, Сато Sega Mega Drive оюн консолун жаратуудагы эмгеги менен дүйнөлүк оюн индустриясынын тарыхына өчпөс из калтырды.